Келдибек Ниязов, Кыргыз Эл артисти: «Эл артисти деген наамдын аты эле болбосо, пайдасы тийбей калыптыр»

-Келдибек агай, президенттик аппаттын башчысы Досалы Эсеналиевге кирип жолугуп чыккан экенсиз, эмне маселе менен кирип жолуктуңуз?

-Досалыны мурдатан эле жакшы таанычумун. Досалы өзү журналист , чыгармачыл жигит эмеспи. Чыгармачыл кишилерди жакшы түшүнсө керек. Ага айылдардагы клубдардын абалын аз өзү деле жакшы билет экен. Жаңы салынып жаткан түндүк-түштүк жолу боюнча сүйлөштүк . Түндүк-түштүк жолу ачылса, бом капчыгайына машине толуп, жол тыгын болоорун, андыктан Кочкорго жетпей Кегети, Шамшы тоосу аркылуу ашып түшчү ашууга жол салып, өштон келе жаткан машинелер Бишкекке ошондой келсе ыңгайлуу болоорун айттым. Ашуу ачылса, Нарын Бишкек жолу 100 чакырымга кыскармак. Ошондой эле Досалы иним мени президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуктурууга аракет жасарын айтты.

-Шайлоонун адында президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо бюллетенинде №9 болгондо, сиз алдын ала  эле «Сооронпй Жээнбеков президент болот, төлгө таш Сооронбай Жээнбековго түштү » деп жүрдүңүз эле, билгендей эле айыптыпсыз го…

-Ооба десең. Негизи элибизде илгертен эле 3-7-9 деген сандар ыйык экени айтылып келет. Мен дагы ушул сандарга абдан маани берем. Шайлоодо 3 саны Темир Сариевге, 7 саны Арстанбек Алайга, ал эми 9 саны Сооронбай Жээнбековго тийгенде, Сооронбай Шарипович прездент болот деп айткам. Айтканда дагы көпчүлүк элдин арасында айттым эле. Жанымда тургандарга Сооронбай дегенди санасаңар тогуз тамга, Жээнбеков деген да тогуз тамга, Шарипович деген да тогуз тамгадан турат, демек, Сооронбай президент болот десем, алар «ооба десеңиз» деп аябай таң калышкан…

-Үчүнчү ирет көчмөндөр оюну өттү. Сиздин оюңузча кандай өттү?

-Көчмөндөр оюну жакшы өттү. Быйыл чет элдик коноктор аябай көп келиптир. Элибиз дагы оюнга кандай даярданышты билип калыптыр. Мурда биринчи, экинчи оюндарда көчмөн эл, көчмөн турмуш боюнча элдин көп түшүнүгү жок эле. Бул жолу эл жакшы түшүнүп калыптыр. Ар кандай улуттук буюмдарды, зер буюмдарды жасап саткан соодагерлер чет өлкөлөргө кандай товарларды жасап сатыш керектигин да өдөштүрүшүптүр. Жээним Англияда окуйт. Ал Англиядан эки турист жигитти ээрчитип келиптир. Экөө көчмөндөр оюндарынан 4 миң долларга чейинки акчага соода кылышты. Кыргыздын улуттук орнаменти, көчмөндөр оюндарынын орнаменти түшүрүлгөн эң сонун буюмдарды сатып алышыптыр. Анан дагы бир баса белглей кетчү нерсе, быйыл Кырчын жайлоосунан таштанды чыккан жок. Эл таштандыны көрүнгөн жерге таштабай калыптыр. Элдин маданияты жогорулаптыр.

-Кыргыз Эл артисти деген ардактуу наамыңыздын пайдасы тийип жатабы?

-Кыргыз Эл артисти дегендин аты эле болбосо, пайдасы деле болбой  калыптыр. Илгери Кыргыз Эл артисти наамын алган артисттерге жеңилдиктер көп болчу эле. Мисалы, Кыргыз Эл артисттери азыркы  «Айчүрөк» соода үйүнүн төртүнчү кабатына барып күбөлүгүн көрсөтүп соода калышчу эле. Ал жерде аталган наамы бар артисттерге товар арзандатылып берилчү. Пенсияларына акча кошулчу. Азыр анынбири жок. Өткөндө акчамды үйгө унутуп калыптырмын. Автобуска түшүп, шопурга төлөйүн десем эле акчам жок. Шоопур жаман көрүп «төлөнүз» деди. Кашайып, пенсиялык күбөлүгүмдү да унутуптурмун. Эмне кылаарымды билбей, ушунда Эл артисти деген күбөлүгүмдү көрсөтө калсам, «Мунуңузду мага эмне көрсөтүп атасыз, эл артисти болсоңуз өзүнүзгө эл артистисиз да»- дебедиби. Көпчүлүктүн көзүнчө аябай уялдым. Эл артисти деген ардактуу намымдын мага тийип жаткан пайдасы мына ушундай. Жазында депутат Садык Шер наам алган кишилердин пенсия, айлыктарына акча кошуу маселесин демилгелейм деп жүрдү эле. Аталган маселе каралса жакшы болоор эле.

-Сатира, анекдотторуңузду китеп кылып чыгарам деп жүрдүңүз эле, качан чыгарасыз?

-Каражат маселеси чечилбей, ошону чыгара албай жүрөм. Китеп чыгарууң деле өнбогондой акчаны талап кылат тура. Материалым даяр. Алардын арасында силердин «Фабула» гезитине чыккан дагы анекдот, сатираларым бар. Буюрса чыгарам.

Мирлан Алымбаев 

БУЛАК: Фабула

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу