Келдибеков сөөк жегенин, соттун чечими менен 10 млн сом мамлекетке төккөнүн тангысы келеби?

Мурдагы спикер Акматбек Келдибеков биздин “Аргумент.кж” сайтын сотко бергени маалым болду. Тактап айтсак, ал аталган сайтка “Келдибеков мырза, сизге суроо гана берилген, жообуңуз “чын чычалайт” болуп аткан жокпу?” деген макала жарыяланганын жана ал макалада “Менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана илимий ишмердигимдин беделине доо кетирилген” дептир Келдибеков. Анан ал эң негизгиси макаладагы “Акматбек Келдибеков мамлекеттин байлыгын, элдин ырыскысын тоноп, уурдап, түрмөгө камалып чыккандан кийин анын деңгээли деле плинтустан жогору болбой калган. Анча-мынча калган кадыр-баркын ит жеген сөөк менен кошо жеп койгонун жакшы билип калдык го!” деген жерин жокко чыгарууну талап кылган экен. Аны менен кошо 1 млн сом өлчөмүндө моралдык чыгым талап кылган. Албетте, ал өз укугун коргоого акысы бар. 

Бирок, ошондо деле жүйөөлүү коргошу керек го. Же ал А. Атамбаевдин убагында коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 10 млн сом төлөп бергенин танабы? Мунун өзү анын коррупционер экенин тастыктап турат эмеспи. Экинчиден, ал АШАнын башкы кошоматчыларынын бири, учурда анын маалыматтык саясатын жүргүзүүдө катуу иштеп аткан “7-каналдын” директору А. Жумаев менен чогуу кафелердин биринде отуруп алып, сөөк жеп атканын видеого тартып социалдык түйүндөргө чыгарышканын кайда катат? Кызык эле да. Мына ушул фактылар турганда А. Келдибеков “Аргумент.кж” сайтын сотко берип, өзү эле уят болот го. Экинчиден, миллион сом доолаганы АШАнын журналисттерге жасаган мамилесине куп гана окшошуп атканын карасаңыз. Экөө азыркы тапта бир кайыкта сүзгүлөрү келип жатканынын ушул нерсе каңкуулап жаткан жокпу? Кимдер бири-бирин алыстан таанычу эле?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу