Келдибеков мырза, сизге суроо гана берилген, жообуңуз «чын чычалайт» болуп аткан жокпу?

Буга чейин «Argument.kg» сайтына башка маалымат булактарынан (биздин сайт алган маалыматтын түпкү булагы:https://telegra.ph/Keldibekov-menen-Arapbaevdi-Atambaev-degen-kara-teke-sүzdүbү-08-14 ) алынып «Акматбек Келдибековго таандык «Нур» телеканалы Атамбаевге иштеп баштадыбы» деген темада макала жарык көргөн.

Анда аталган телеканал экс-спикер Акматбек Келдибековго таандык экени, анын башкы кеңсеси Ош шаарында Азамат Арапбаевге таандык имаратта жайгашканы, анан дагы телеканал акыркы убактарда учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүн негизсиз сынга алып атканы айтылган. Ошону менен бирге «А. Келдибеков менен А. Арапбаев экөө досуна таарынган экс-президенттин колундагы курал болуп аткан болобу? Акматбек мырза президенттин саясатын колдой турганын билдирип жүрбөдү беле? Кандай кара теке сүздү аны?» деген гана суроо коюлган болчу. Конкреттүү түрдө АШАнын камчысын чаап атат деп айтылган эмес.

Мына ушул макалага Акматбек мырза катуу чычалап «Фейсбукка» интервью чыгартып, «Aргумент.kg» сайтынын деңгээли плинтустан төмөн деп айтыптыр. Акматбек Келдибеков мамлекеттин байлыгын, элдин ырыскысын тоноп, уурдап, түрмөгө камалып чыккандан кийин анын деңгээли деле плинтустан жогору болбой калган. Анча-мынча калган кадыр-баркын ит жеген сөөк менен кошо жеп койгонун досу Алтынбек Жумаевдин видеосунан кийин өтө жакшы билип калдык го! Эгерде, Акматбек Келдибековдун кадыры плинтустан бир карыш эле жогору болсо, анын жообун кадыр-барктуу ММКлар жарыяламак. Эч кимге тили өтпөй калгандан кийин аргасыз «Фейсбукка» маек берип жүрөт да. Фэйктер толуп кеткен «Фейсбукка» иши түшкөн Келдибековдун деңгээли плинтустан жогору болушу мүмкүн, бирок фэйктердей эле экени талашсыз.

Эми, Келдибеков өзүнүн берген жообу менен биринчиден, «НурТВ» телеканалы ага таандык экенин ырастаптыр. Болбосо, ал бул телеканалдын жамааты эки айлык жайкы өргүүгө кеткенин кайдан билмек эле. «Аргумент.kg» сайты бул маалыматтардын эми артынан түшүп иликтемек болуп жатат.

Экинчиден, ал бул телеканал жайгашкан имарат Азамат Арапбаевге таптакыр тиешеси жок деп айтыптыр. Сиз канчалык жашыргыңыз келгени менен, аталган телеканал жайгашкан имарат Азамат Арапбаевге таандык экенин элдин баары билет экен. 2015-жылы парламенттик шайлоодо ал имаратты Азамат Арапбаев КСДПнын штабы кылып иштеткен. Эгерде, имарат Арапбаевге таандык болбосо, кимге тийешелүү экенин Келдибеков мырза өзү ачыктап койбойбу? Андыктан Азамат мырзага адвокат болуунун кажети жок болсо керек. Болбосо, эл «А. Келдибеков дагы каратып туруп калп айтты» деп нааразы болуп калышат.
Үчүнчүдөн, «Бул макаланы жазган сайттын жоопкерчилигин юристтерге тапшырдым» дептирсиз.

Биринчиден жарыяланган маалымат «Aргумент.kg» сайтына таандык эмес, жөн гана башка булактардан алынган. Экинчиден, сотко сүйрөгүңүз келип атса, ага деле каршы эмеспиз, барабыз. Болгондо да «Нур ТВ» телеканалы жайгашкан имараттын Азамат Арапбаевге таандык экенин тастыктай турган фактылар менен барабыз. Анан дагы сиз «деңгээли плинтустан ылдый түшүп кеткен» деп айтып аткан А. Атамбаевдин камчысын чапкандай болгон сиздин телеканалдын сюжеттерин көтөрө барабыз. Анан дагы бийликти ыгы жок сындаган сюжеттерди көзүңүзгө көрсөтөбүз. Балким, аны сиз билбейттирсиз.

Эмнеси болсо да, негизсиз каралоолор үчүн сиздин телеканалды деле сотко сүйрөсө болот. Бирок, андай аракетти бизде сөз эркиндигине кысым деп сыпаттап коюшат. Ал эми чындыкты көзгө сайып көрсөткөндөрдү сотко сүйрөө – «чын чычалайт» болгон саясатчылардын адаттагы иши эмеспи.

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу