КЕЛДИБЕКОВ МЕНЕН ТАШИЕВ МАДУМАРОВДУ СҮРӨЙБҮ?

Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун президенттикке аттанары буга чейин айтылып, керек болсо Алайда аксакалдар алдына ак боз ат тартып, батасын берип, жарышка аттандырганы боюнча сүрөттөр да чыгып кеткен. Ошентсе да Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы президенттик жарышка чыгар-чыкпасы тууралуу расмий жарыя кылбай келген. Бул аптада Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюларын Жогорку Соттун маалымат катчысы жарыялады. Буга чейин аталган маселе тууралуу үн катпай келген Жогорку Сотту мындай билдирүүнү жарыялоого эмне себептер түрттү? Көшөгө артында бийлик менен Келдибековдун ортосунда соодалашуу жүрүп жатабы? Ахматбек Келдибеков «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сот чечимине ылайык мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген. Ал 2016-жылы 8-ноябрда сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду толугу менен төлөп бүткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда соттолгон деген статус жоюлат. «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, соттолгон деген статусу алынып салынбаган жарандар талапкер катары шайлоого катыша алышпайт. Бирок экс-спикер «Азаттыкка» курган маегинде: «Менин президенттикке ат салышуума тоскоолдук жок. Соттолгон деген статусту жоюунун мыйзамдуу жолдору бар, биз мыйзамдын чегинде аракетти улантабыз. Аны азыр ачыктап жибергеним болбойт. Үчилтиктин өзүнүн стратегиялык тактикасы бар. Биз шайлоодо жеңишке жетишебиз деп ишенем»,- деп билдирди. Ташиев–Мадумаров–Келдибеков үчилтигинде Ташиевдин президенттикке аттануу аракети көрүнбөйт. Келдибековдун соттолгон деген статусун алдырып салуу канчалык жыйынтык берет али белгисиз. Демек, үчилтикте президенттикке аттанууга, башка талапкерлерге олуттуу атаандаштыкты түзүүгө Адахан Мадумаровдо мүмкүнчүлүк жогорулады.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу