Келдибеков менен Ташиев Атамбаевге жол издеп жатышабы?

Партиядан партияга секирип, келгин куштар сымал жагымдуу сунуш түшсө “жылуу жайларга” учуп кете берген саясатчылар бизде арбын. Анын үстүнө саясатта досчулук принцип болбой турганын эске алганда, бирин-бири сатып кеткени анчейин деле таң калууну жаратпайт. Андыктан элдешкис достор бири-бирине кучак жайып, ажырашкыс достор араздашкан учурлар арбын. Мына “үч мушкетер” атка конгон ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана журналист Алтынбек Жумаев шилекей алышкан ынак достор. Бирок саясатта үч башка саясий көз карашты карманып келишет. Келдибеков бийликке кошомат кылган позицияны карманса, Ташиев “нейтральный” позицияны кармап тургансыйт. Ал эми Жумаев Илмияновго таандык делген “7каналын” жетектеп келет. Маалымат каражаттарында Келдибеков менен Ташиев саясий жактан тажрыйбасы аз Жумаев аркылуу экс-Ажо менен байланышты кармап турууну көздөп жатышканы жазылууда.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу