Келдибековдун саясый-сасык жүрүштөрү элге жакшы маалым…

Деги эле биздин мамлекетте уюм, кеңеш, коом деген нерсе өтө эле көп. Өлкөгө пайдасы тийгени аз, пайдасынан зыянын тийгизип, элдин кыжырын келтиргени абдан көп. Эми андай аты бар, заты жок кеңештердин катары дагы бир кеңеш менен толукталды. Көпчүлүк бул маселеге күлкү жана кыжырдануу менен карап жатышат. Бул кеңешти демилгелегендер башкы максаты – мурдагы төрагалардын билимин, тажрыйбасын колдонуу, коомдук-саясий жагдайга байланыштуу азыркы бийликке кеп-кеңеш берүү экенин баса белгилеп, элге дагы эле өздөрүн укмуш көрсөткүлөрү келип турганын байкоого болот.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Жогорку Кеңешти 17 спикер башкарды. Алардын бири Усуп Мукамбаев дүйнө салып кетсе, дагы бири Өмүрбек Текебаев учурда камакта жатат. Аталган Кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов, ал эми аткаруу комитетинин катчылыгына Ахматбек Келдибеков дайындалыптыр. Биринчи жыйынга Шеримкулов менен Келдибековдон тышкары 11 адам катышкан. Алар: Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, Исхак Масалиев. Ал эми Адахан Мадумаров менен Чыныбай Турсунбеков бул жыйынга катышкан жок. Эми ушул аттары толук аталган экс-спикерлер мамлекетке 28 жылдан бери кандай иш жасашып, кандай пайда келтиришти? Бул суроонун жообу белгилүү. Эгемендүүлүк алгандан бери ушул 17 экс-спикердин Кыргызстандагы уурдап-тоноолорго, революцияларга, экономиканы талкалоого, мурунку ажолордун бийлигин бекемдөөгө, мамлекеттик башкарууну баш аламан кылып, жеке кызыкчылыкты биринчи орунга чыгаруу маселесине түздөн-түз тиешеси болбосо да, чоң салымы бар. Бул жагын калайык калк жакшы билет. Ушул кеңештин башчылыгына 80 жаштагы Медеткан Шеримкулов, аткаруучу жагына Келдибеков шайланыптыр. Шеримкуловго эмне жетишпейт. Элге жек көрүнбөй, небере-чөбөрөсүн жыттап үйдө эле жатса болмок.

Ал эми Келдибековдун саясый-сасык жүрүштөрү элге жакшы маалым. Бир сөз менен айтканда аман эле болсунчу.

Маселен, экс-спикерлердин басымдуусу таза эмес, далай мыйзамга туура эмес келген жеке кызыкчылыктагы иштерди ийгиликтүү ишке ашырышып, ирип-чиригенче байышкан.

Кыргыздын асыл жерлерин башка мамлекеттерге бергенге чоң кызмат өтөшкөн. Бийликтен кеткенден кийин мурунку ажолордун көзүнүн агы менен тең айланып, аларды ар кандай ыкмада коргошуп, жедеп акшакал, дүжүр чал болуп бүтүшкөн. Анан ушундай доору бүткөн адамдар азыркы ажого кандай мыкты кеңеш бере алышы мүмкүн? Чындай келгенде президент алардын кеңешине деле муктаж эмес. Көңүл бурумуш этип коюп, өзү каалаган саясатын жүргүзө бере турганы бештен белгилүү. Ошондо бул кеңеш экстердин өздөрүнө эле керек болбосо, иш жүзүндө президентке да, коомго да сокур тыйынча кереги жок болоор.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу