Келдибаев депутат болуп келсе кыргыз бийлигинин дагы “шермендеси” чыгабы?

Баарыбызга белгилүү болгондой “Республика-Атажурт” фракциясынын  бир депуттын үстөлү бош турат. Депуттыктан жогору жакка көтөрүлгөн КРнын вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекованын ордуна партиялык тизме боюнча ЖКга депутат болуп, Сагындык Келдибаев келиши керек.

Тастыкталган документтерге караганда Сагындык Келдибаев, Кыргызстандын жараны эмес, Орусиянын жараны. Бул тууралуу бизге ишенимдүү булактар билдирди.

Тизме менен келе жаткан Сагындык Келдибаевди, УКМК сыяктуу тийиштүү органдар кылдаттык менен текшербесе, БШК тактоодо “оң көздү жумуп, сол көзүн ачып” депутаттыкка өткөрүп жиберет.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК, ЖК депутаты Асылбек Дамир уулун уйкусурап олтуруп тизмеден өткөрүп жибергенби айтор, жакында эле Казакстанда камакка алынганда, улуту ачыкка чыгып, кыргыз бийлигинин “шермендеси” чыккан.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу