Келдибаев депутат болуп келди. Канжар Кадыралиев камалабы?

Вице-спикер кызматына кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордуна ЖКга депутат болуп келген Келдибаев өзүнүн жарандыгы тууралуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, кош жарандыгы бар деген маалыматтар чындыкка коошпойт деп айтылып, БШКга мандат берди. 51 жаштагы СагындыкКелдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевден «кордук көрдүм» деген өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин бир тууган агасы экен. Эске сала кетсек, Кадыралиев канча мыйзамсыз иш кылса да, камалбай эркин жүрөт. Соттор болсо анын ишин созуп келет.

Эми депутат болуп келген Келдибаев Канжардан кордук көргөн бир тууганына жардам бере алабы? Маалымат катары айта кетсек, ЖКда 28 мандаты бар РАЖдын 2015-жылда түзүлгөн шайлоо боюнча тизмеси 85ке жетти. Бул эми Бабановдун илме-чалма, баш аламандык фокустары жана бул фракциядан таза эмес адамдардын депутат болуп келип алганынан кабар берет.

Маселен,10дон ашуун гана депутаттары бар «Ата-Мекен», «Бир бол» партияларынын шайлоо боюнча тизмеси 20нын тегерегинде эле турат.

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу