Кезек келди: Албек Ибраимов 22 млн сомду казынага кайтарып, жаза мөөнөтүн өтөйбү?

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго 2012-жылы «Дастан» ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп турганда мамлекетке ири суммада зыян алып келген деген айып менен кылмыш иши козголгону маалым. Ошол козголгон кылмыш ишинин негизинде 13-июнда А. Ибраимов УКМКга суракка чакырылып, анда эки саатча убакыт сурак берип чыкты.

Эске сала кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу») 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

«ТНК Дастанды» башкарып турган маалда А. Ибраимов «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын башкы директору А. Сасыбаева менен жалпы суммасы 533 миң 760 долларлык келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү милдети «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсына жүктөлгөн жана ар бир комплекстин баасы 6 миң 672 доллардан айланган.

Ошол эле убакта «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы ошол эле милдетти аткаруу үчүн Украинанын мамлекеттик компаниясы менен келишим түзүп, ошол эле буюмдардын партиясын жалпысынан 14 миң 400 долларга сатып алган жана аны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Демек, жалпысынан 63 миң 400 доллар гана коротулган. Ортодогу айырмачылык 470 миң 360 доллар.

Эми Ибраимов мына ушул факты боюнча конкреттүү түшүндүрмө берип, эмне себептен мынчалык ири суммадагы акчаны сол чөнтөккө сологондорун айтып берүүгө аргасыз болот.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу