Кашайып экс-президент менен Фарид Ниязовдун кезектеги “фокусу” дагы ишке ашпай калды…

Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткен соң деле Сооронбай Жээнбеков аркылуу өлкөнү башкаргысы келген. АШАнын бул оюн баарыбыз эле баамдап калдык го. Учурда Атамбаевдин айласы түгөнүп өзү өткөрүп берген бийлигин кайра ала албай убара. Өзүнүн менчик телеканалы «Апрель» аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасап атып орус тилинде орус журналисттерине маек берди. Албетте бул кечиримсиз нерсе. Өзү айтмакчы кыргызга чындап күйсө анча-мынча кыргызча сүйлөбөйт беле. Маектин алдында кайдагы бир такталбаган маалыматтарды таратып 2017-жылы президенттик шайлоодо мыйзамсыз коротулган каражаттар деп элдин башын айлантты. Ал маалыматты эмнеге былтыр шайлоодон кийин чыгарган эмес. Муну ойлонду бекен? Ошол убакта президенттик шайлоонун штаб башчысы Фарид Ниязов эмнеге ушул убакытка чейин муну айткан эмес? Эми бул айла кеткендеги кадам болуп атат да…

Эл өзү шайлап алган Сооронбай Жээнбековдон жакшы нерселерди күтүп олтурган кезде алардын айткандарына эч ким деле ишенген жок. Президент дагы көп көңүл бурбай койду. Биринчи «тизмегейт» «щедевр» пландары менен коомчулукту ишендире албаган соң, Россиядан жалданып келген саясий серепчи сөрөй Алексей Василивецкийдин пикири менен «фокус» жасап көргүлөрү келгенин 2-3 күн мурун көрдүк. Кашайып экс-президент менен Фарид Ниязовдун кезектеги «фокусу» дагы ишке ашпай калды. Эми эмнени ойлоп чыгышаар экен?!

Айтор, «Форум» тарап Василивецкийди президент Сооронбай Жээнбековго «чаптагысы» келип жатканын ачык баамдасак болот. Бирок, бул «укмуштуудай» идея кимге таандык болсо дагы экс-президент тарапка утуш алып келбей турган идея экен. Алексей 2010-2011-жылдары, 2015-жылдары СДПКнын шайлоо штабында Фарид Ниязовдун «айдагы» менен иштеген. 2017-жылы деле Ниязовдун көрсөтмөсү менен иштегендир. Демек, анын ажо Сооронбай Жээнбековго кандай тиешеси бар? Бул серепчи Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун менчик «төлгөчүсү» болуп келгенин биз жакшы билебиз да.

Айтмакчы, «кайталангыс» серепчи Алексей «укмуштуу» кеңештери үчүн 170 000 АКШ доллар гонорар алыптыр.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу