Качкын Булатов: «Кыргызстан “кара тизмеге” кирип, кан какшаган, кайсы инвестор өлкөбүзгө келет»

Мамлекеттеги саясий кырдаалдан улам ар бир кыргызтандык жаранда “учурдагы Кыргыз Өкмөт иштеп жатабы же жөн гана куру саясат менен алпурушуудабы?” — деген суроо туулбай койбойт. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей, Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн иш-аракеттери натыйжасын бербесе, коомчулукта кезектеги социалдык жарылуу болушу шексиз. Анткени, бийликтен карапайым элдин үмүтү бүлбүл жанган шам чырактай убакыт өткөн сайын үзүлүп баратканы жашыруун эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык өнүгүү максатын көздөгөн программалар кабыл алынып баштаганда кыргызстандыктан чыны менен сүйүнүп, кубанып кабыл алган, бирок, бул программалар иш жүзүнө ашпай, кагаз жүзүндө гана калып жатканы өкүнүчтүү.

“Бир кумалак бир карын майды чиритет” деп кыргызда бекеринен айтылган эмес. Дал ошол КРнын Өкмөтүндө иштеп, бирок, өз көмөчүнө күл тартып, кара өзгөйлүк  менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөгөн айрым шалаакы, өлкөнүн келечегине балта чапкан кызматкерлер көп. Арийне, майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп отурган кээ бир аткаминерлердин бет каптары сыйрылып, жүздөрү ачылып, кылмыш иштери козголуп жатат.

Жакында эле Тогуз-Торо районунда «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси  А.Алымбеков, райондун мурдагы акими Т. Идирисов, акимдин орун басары Айбек Кожошев жана беш айыл өкмөт башчысы биригип, эл ичинде чагым уюштуруп,  башаламандык болду. Кутумчулар уюштурган митингдин катышуучулары жаңыдан курулуп баштаган алтын комбинатына кол салып, инвесторлорду материалдык жактан ири зыянга кириптер кылды. Бул албетте, оор кылмышка барабар. Биз нааразылык акциясы кеңири масштабга чыга электе эле эскертүү таризинде жалпыга маалымдоо каражаттарына бир нече курдай макалаларды жарыялап, коомчулукка, бийлик өкүлдөрүнө кулак кагыш кылып келдик.

Анткени менен өкмөт башчысы Сапар Исаков тарабынан бир дагы жооп болгон жок. Биз бир нече жолу бул маселеге кайрылдык. Ырасында, укук коргоочулар көрүп турган маселени көтөрүп чыкпаса, анда ким жазып, коррупциялык схемаларга чырмалышкан өкмөт кызматкерлери А. Алымбековдун, мурдагы аким Т.Идирисовдун кылмыш аракеттерин ачыкка чыгарбасак, ким чыгармак? “Шибегени капка ката албайсың” дегендей, бийликте отургандардын кылмышын жаап-жашырып, көрмөксөнгө салсак, эртең жалпы элге өтө чоң залакасын тийгизет, оор жашоого кабылабыз.

Тогуз-Тородогу алтын комбинатынын өрттөлүшүнө шектүү адамдардын анабашында тургандары али күнчө ээн-эркин басып жүрүшсө, күч органдары “аткаруучу” функциясын аткарышкан майда чабактарын суракка алып, тергөө иштери жүрүп жатканы дагы эле өкүнүчтүү. Ал жерге барган ИИМ, КИМБ ыкчам иликтөө кызматкерлери, Ош областтык ички иштер башкармалыгынын  тергөөчүлөрү болуп, жалпысынан 300гө чамалуу милиция кызматкерлери эки күндүн ичинде өздөрүнө тагылган жоопкерчиликти абийирдүүлүк менен аткарып коюусу керек болчу. Нааразычылык акциясын ким уюштуруп, комбинаттын жумушчуларына, милиция кызматкерлерине кол салууга кимдер даярдык көргөн? Ким “бензин чачып өрттөгүлө” деген команда берген деген суроолордун бетин ачпайбы? Ким митингге катышкандарды каржылаган? Ким тергөө ишин атайын создуктуруп жатат? Ушундай эле суроолорго жооп издеп, окуянын чоо-жайын ийне-жибине чейин кылдат иликтесе, кылмыштын бети эбак  ачылмак. Эгерде ар бир кылмышка бийлик илең-салаң мамиле кылып, кайдыгер көз салып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыра берсе, кылмыш иштери улана бериши толук мүмкүн.

Мындай болгон күндө Кыргызстан “кара тизмеге” кирип, кан какшаган, кайсы инвестор өлкөбүзгө келет? Тогуз-Тородогу кылмыш ишин жаап таштаса, анда Кыргызстандын булуң-бурчунда кен казуу менен алектенген инвесторлордун ар бирин жергиликтүү эл кубалап, иштетпей салса, бийлик алаканын ачып олтуруп береби? Ошондуктан, Тогуз-Тородогу атайын жасалган уюшкан кылмыштуулуктун бети ачылып, кылмышкерлер жазасын алышы керек. Анткени, алдын ала желим шишелерге (баклашкага) бензин куюлуп барып, комбинатка атайылап от тутандырылып, ал жалындаган өрткө айланып, инвесторго ири материалдык зыян келтирилгени айдан ачык болуп турат. Кылмыштын бети ачылбаса, келтирген чыгымды ким төлөйт же жалпы Кыргызстандын жарандарына салынган салыктын эсебинен төлөнүп берилеби? Тергөө тобу барып, кара курсагынын камын көрүп, кайра келбей, тергөөдөгү ар бир эпизодду кыскартпай, же болбосо ишти жабуу үчүн чөнтөгүнө пара салбай, ишти акырына чейин жеткирип, колу менен кылган кылмышты ар бир адам мыйзам алдында мойну менен тартып, жооп берерин эске салса. Ошондо бул иш калайык калкка үлгү болмок, өлкөбүзгө инвесторлордун келишине коркунуч болмок эмес, мыйзам чегинде толук кандуу иштешине кепилдик берилмек.Ооба, эл өкмөткө ишенбей калды, анткени, туш тараптан алтын өндүрүүчү инвесторлордун чөнтөктөрүнө кирип алышканы, пара сурашканы баарына маалым. Сапар Исаков Тогуз-Тородогу окуяга маани бербегендиктен, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жер казынасы секторунун башчысы Укубаев Элмырза Аманбекович, өнөр жай, энергетика жана тоо кен боюнча КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын мамлекеттик геологияга берилген долбоорлорун эч тиешеси жок болсо дагы бир жарым ай катып жатып алган. Мындай кара ниеттик кадам эмнени билгизет? Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААКнын башчысы А.Алымбековдун кутумчулукка барганын Сапар Исаков кызматтык териштирүүнү уюштурбай жатканы өкүнүчтүү.

2018-жылдын 13-мартында Орловка шаарчасындагы «Алтын кен» комбинатынын тапшырыгы боюнча атайын провокаторлук мүнөздөгү материал жарыяланды. “Кыргызстанцы борются, чтобы получить там работу!” деген материал атайын Тогуз-Тородо жашаган карапайым элди адаштыруу максатын көздөгөнү алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул «Алтын Кен» техникалык өндүрүш жетекчилигинин орун басары Аманбек Укубаев макалага Балхашта 60 чакырым чоп өспөйт деп тогуз- торолук карапайым элди адаштырган, ошондой эле баласы Элмурза Укубаев кызмат абалын пайдаланып «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын документтерин бир жарым ай катып алганына карасанатайлык эмеспи.Тогуз-Тородогу бардык баш аламандыкты өкмөттөгү кызматтарды ээлегендер уюштуруп жатканына далил. Себеби, жыл сайын он миң тоннага жакын алтын концентратын ушул «Алтын Кен» ишканасы Кытайга ташып чыгат.

Концентратты алып чыгууга лицензияга кол коюп, олчойгон суммадагы параны “сугунуп” турганы алар үчүн оңойго тургандай. Бул ишти тергөө органдары адилеттүү, акыйкат, калыс тергеп, мыйзам чегинде чечим чыгарса, натыйжасын бермек. Азыркы тапта Тогуз-Тородогу алтын комбинатына өрт койгон он эки кылмыш аткаруучулары камакка алынып, тергөө иштерин жүргүзүлүүдө. Чындыгында, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган  киттер эркиндикте жүрүшөт, алардын ишине укуктук чара көрүлөбү, али белгисиз.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews,kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу