Качкын Булатов: «Атамбаев Мискенбаевдин оозу менен «Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыртсын»-, деди.

—Качкын мырза, укук коргоочу катары айтсаңыз, Мээрбек Мискенбаевдин президенттин инисине айтылган сөздөрүнө пикириңиз кандай?

—Менин оюмча, Атамбаев Мискенбаевдин оозу менен «Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыртсын» деп айттырды. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Анткени ушул шылтоо аркылуу Атамбаев менен Мискенбаев аркылуу анча-мынча болсо дагы элди көтөрөт. Ошентип Жээнбековторду Бакиевге окшотуп кууп жибериши мүмкүн. Ошондуктан Сооронбай Асылбекти депутаттыктан кетирип, Садыр Жапаров менен Текебаевди чыгарып алып, команда кылып алса экөө биригип, Сооронбай үчүн 20 Асылбектин ордун басып беришет эле. Ошол эле учурда, Асылбек Жээнбеков тумшугун ар кайсы жерге тыкканын, буга чейин да, азыр да уга элекпиз. Адам катары жакшы инсан деп айтышат. Тилекке каршы, Мискенбаевдин артында чоң саясат турат. Мунун арты дагы бир жолу айтам жакшылык менен бүтпөйт. Анткени Ак үйдөгү келишпестиктерди кулагыбыз чалып атат. Ансыз деле өткөн бийликтин күнөөсү ат көтөргүс.

—Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу