Качкынбек Булатов: Урматтуу президент! Cизге кор болгон Кыргыз эли кымбатпы же досуңуз Атамбаевби?

Сооронбай Жээнбеков ажоолукка кандай жол келсе дагы, кыргыз элине президент деп таанылды. Ошону менен бирге жаңы президенттен ири реформаны, жаңы өнүгүү кадамдарды эл күтүп жатат.

Шайлоо учурунда Сооронбай Шариповичтин иногурациясында, Атамбаев көп жолу досум деп кайталап жатты, унутуп калбасын дегениби, айтор көп жолу досум деди.

Бирок эл Атамбаевге эмес, Сооронбай Жээнбековго ишенип добуш берген, элдин ишеничин досунан артык көрүш ажоонун милдети деп билебиз. Эл алдында берген убадаларды ажо аткарууга милдеттүү.

Анткени досу Алмаздын туруксуздугуна, психологиялык жат кадамына ээрчий берсе, кадыр-баркы эл арасында түшүп калаары белгилүү.

Сооронбай Шарипович шайлоо алдында берген убадасында, “мен мыйзамдын кулу болом” деп убада берген, ошо убадасын аткарууга тийиш. Жалган жеринен камалып жаткан саясатчыларды, жабылып калган теле берүүлөрдү, куугунтукка алган журналистерди, сот процесстерди кайра жүргүзүп, буюртманы аткарган тергөөчүлөрдү, прокуратура жана сотторду жазага тартуу милдети ажоонун алдында турат.

Эгерде мыйзам үстөмдүгү жагынан кадамдарды жазаса, тарыхта калып эл кадырына жетээр эле. Ошондо азыркы ашмалтайы чыккан тергөө органы тазаланат. Болбосо булар саясый буюртмаларды аткарып жатып, тергөө органына акча табууга жол көргөзүп, мыйзам үстөмдүгү кыйрады.

Ал эми карапайым элге орду толгус зыяндары тийип жатат. Тергөө органы, прокуратура жалган жеринен кылмыш ишин ачып, акча табуунун интструменти кылып алышты.

Ошондуктан президент, мамлекеттин коопсуздугун жана жарандарды мыйзамсыз иштерден коргоого алууга милдеттүү. Жалган жеринен түрмөдө жаткан оппозиция, саясий лидерлерди бошотпосо, тарыхта каласыз.

Мирзиёев призидент болоору менен жаңы саясый кадамдарга барып, жалган жалаа менен түрмөгө түшүп калган оппозиция журналисттерди, укук коргоочуларды, бизнесмендерди бошоткондо бүткүл дүйнөдөн колдоо тапты,Башкасын айтпаганда деле, биякта турган биз деле сүйундук.

Азыркы убакта Өзбекстанга инвесторлор кызыгуу артып жатат, Өзбекстан демократиялык жолго түшүп, өнүгүүгө, реформага кадам таштады. Так ушундай шарт биздин президентте дагы бар.

Сооронбай Шарипович Атамбаев менен досчулугуңузду үйдө же кулпунай терип жеп жатканда, достук мамилени кылсаныз болот.

Бирок, азыркы убакта сизге коомчулук жана демократиялык өлкөлөр көз кырын салып байкоо жүргүзүп жатат, «кандай реформага барат, мыйзам үстөмдүгүн орнотобу же Атамбаевдин айтканы менен болобу»-деп.

Чындыгында Сооронбай Шариповичке ким кымбат? Алдындагы темселеп жер кыдырган, жакырга малынган, кор болгон Кыргыз эли кымбатпы же досу Атамбаевби?.

Эгерде досу Атамбаевге карап мыйзам үстөмдүгүнө барбаса, ири реформа кыла албаса, досунун кеңешинен чыга албаса, анда укум-тукумуна доо кетет, Кара-кулжа элин жер каратат, сөздөн кемтик болот.

Сооронбай Шарипович сиз көп жылдар бою оппозицияда жүргөн элеңиз, бийликтин жаман жакшысын көрүп калдыңыз, ошондуктан ири реформага барып өлкөнү дуңгүрөтүп саясый кадамдарды жасап, тарыхта атыңызды алтын тамга менен калтырууга толук мүмкүнчүлүгүнүз бар.

«Дос деген бүгүн бар, эртен жок» бир убакта Атамбаев менен Бабанов айрылгыс дос болгон, бүгүн кас болуп олтурат.

Эл колдосуна ээ болуу ыйык нерсе экенин билишиңиз керек. Андайга жеткен дагы, жетпеген дагы бар.

Кээ бирде белгилүү адамдар бийликке келгенде, “Алтын амистия” берчи эле, сиз деле бюджеттин тартыш убагында «амистия» жарыялап койсоңуз соопчулук алмаксыз.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу