Качкынбек Булатов, укук коргоочу: «Атамбаевдин бийлиги дагы Бакиевдин бийлигинен алыс кеткен жок»

Аксы, Бозпиектеги кан төгүү окуяда, бийлик тынч келеткан демонстранты атып, алты адамды набыт кылган. Бозпиектеги окуя Кыргыз тарыхында боштондук үчүн күрөшүнүн башкы этапы болуп берди. Ал эми 2005-жылкы 24-мартта, оппозиция тынч мөнөтсүз бийликтин мыйзамсыз ишине каршы акция чыккан элек. Оппозиция күчтөрү бир дагы бийликти басып алабыз деген оюу дагы жок эле.

Биз, Украинадай Ало Тоо аянтына эки айга Мөөнөтсүз митинг өткөрүүгө даяр болуп келген элек. Бирок кайдан-жайдан “Ак шапке” кийген спортсмендер пайда болуп, калың фанерден жазалган калкан, таякча менен келип, митингде тынч турган элге кол сала баштаган. Аз убакыттын ичинде “Ак Шапкечендерди” ур-тепкиге алганда алар жан соогалап, шапкелерин ыргытып эл арасына сиңип кетишкен. Ошол убакта Ала Тоо аянтка бийлик “Ак шапке” элге бир машине таш алып келген экен демонстраттарды кубалаш үчүн. Бирок ошол таштар кайра Ак Үйдү коргогон калканчыларга ыргып, жаган таштар калканына тийип, туруштук бере албай бат эле качып кетти.

Ошентип үч саатта элдер Ак Үйгө кирип барып, Акаевдин бийлигин кулатган. Бир дагы милицияга кол салу болгон эмес, балким көпчүлүк деген көпчүлүк ыргыган таш кимге кана тийген жок. Бирок Ала Тоо аянтынан адам өлтүрүү болгон жок. Ал эми 7-апрелдеги төңтөрүштө адамга ок атуу менен коштоп, кан төгүлдү. Ушу убакытка чейин Апрель окуясына байланышкан  сот процесси өтсө дагы чындыктуу баа берилген жок. 97 адамдын өмүрү кыйылды, миндеген адам жарадар болуп майып болгону канча. 6 жыл өтсө дагы ошо курман болгон адамдардын арбагын ыраазы кылган жок.

Ага ким күнөлүү албетте, Атамбаев. Жакында Атамбаев төңкөрүштүн башаты мен деп мойнуна алды. Чындыгында Эл Атамбаевди ээрчип төңкөрүш кылып жандарын кыйган эле. Ал эми Атамбаев бийликти басып алгандан кийин, берген анттына турган жок, тескери кыргыз элине кыяматчылык жаратып келе жатат, саясий лидерлерди, журналистерди куугунтукка алды. Мындай кадам наразычылыкты жаратпай койбойт. Атамбаев бийликке келгенден бери кан төгүп эле келе жатат, Апрелдеги курман болгондор, Ош – Жалал Абад коогалаңы, Ысык Көл чек арасындагы куралсыз 11 уйгурду аттырып таштаганы, түрмөдөн качкандарды кыйнап өлтүргөнү, баардык адам өлүмдөрү табышмактуу болуп калууда, мезгили келгенде барына юридикалык баа бериши керек.

Адамдын боштондугуна кол салуу өнөкөткө айланды, саясый оппонентерин камай баштап, аларды сасык партия дегени ажонун сөзүбү, эркек башы менен аялдын сөзүн сүйлөй баштады. Кыргыз элин Россияга байлап бергени аз келгенсип, Россиянын журналистерин провокацияга чакырып эр болсоңор Россиядан эркин сүйлөп көрсөңөр дегени, Путиндин короосуна таш ыргытып жатканы эмеспи. Эмнеси болсо дагы Атамбаевдин бийлиги Апрель төңкөрүшүн актаган жок. Март төңкөрүшү Бакиевдин бийлигин алып келип, үй-бүлөлүк башкаруу системасын орнотуп, экономикалык кризиске кептеген, адам өлтүрүүсү менен коштогон.

Атамбаевдин бийлиги дагы Бакиевдин бийлигинен алыс кеткен жок, канкор атка конуп элге жек көрүндү болуп келе жатат. Эки бийлик тен, тегерегинде кош колдоп жүргөн активистерди колдобой, кошоматчыларды кызматка алып келип, кайра эле мурунку системага тушүп, баягы тырмоокту басып жатышат. Эч болбоду дегенде ошо пикирлештерин, жарандык пикирди түзгөн санаалаштарын карабай кеткендерине кантип наалат айтпайсың. Анткени бийликке уурулук кылганы көрүнүп калганы өкүнүчтүү. Атамбаев кийинки күндөрү жоопкерсиз кадамдарды кылып келе жатат, дагы кан төкпөсө болду.  Атамбаев такай Бакиевские деп сүйлөйт, бирок акыркы күндөрү Атамбаевдин шүмшүктөрү деп калганын билди бекен.

Булак: «NazarNews.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу