Качкандардан кайсылары кайтты, дагы кимдер кошулду?

Биринчи жолу болгон “Жоогазын” ыңкылабында Аскар Акаевдин тегерегиндегилердин өтө жакындары гана өлкөдөн качып кетишкен. Бул эми айтпаса да түшүнүктүү. Болгону Танаев кеткен бойдон кайрылбады. Анткени анын каны баары бир биздикине кошулбайт. Ал эми экинчи кандуу төңкөрүштө башын аман алып калуу максатында көптөгөн көпөстөр зуу койду. Анткени буга шылтоо бар болчу. Алар элдин байлыгына колун тургай бутун да матырып жиберишкен. Эгерде алар өлкөдө калса жаалданган эл тимеле тытып жиберишмек. Ооба аларда байлык бар болчу, анда талаш жок. Качкандардын ичинен ошол кездеги генерал Марат Суталинов менен Нариман Түлеев келип өз жазаларын алды. Ал эми кийинчерээк безип кеткен Нурлан Сулайманов болсо кайра пайда болду. Анын аки-чүкүсүн териштирчү күч түзүмдөрү бар. Кандай болгон күндө да эми кайра ошол качкындар келе алабы Кыргызстанга, кеп ошондо. Эмесе ошолордун айрымдарына жана алардын катарына жаңы кошулгандарга токтоло кетели. Башкаларга унутулгус сабак болсун!

Данияр Үсөнов

Жаңыдан саясатка киришип жүргөндө түз сүйлөп дегеле өлкөгө күйгөн адам көрүнгөн. Колуна карга чычып байыган соң көзүн май басып, бир метр жердеги кемчиликти көрбөй калды. Баары эле ага сонун көрүнүп калды. Себеби, иш бөлмөсүндө да, укмуштай салынган үйүндө да жомок жашоо өкүм сүрдү. Андайда адам тамакты да тиши менен чайнап жегиси келбей калат турбайбы. Анын сыңарындай ага деликатестерден кошулуп жасалган буламыкты алтын кашык менен сугунтуп турушту. Жада калса тамак аш кантип жасаларын аңдабай калды. Акча деген салаасынан таруудай куюлуп турду. Көпкөндүктүн да убагы келип жомок жашоосу тозокко айланды. Эми ал өлкөгө кантип келерин билбей башы ооруп турат. Казакстанда жүргөн качкындын жашылбайларын алдап алуунун амалын жасаган эргулдар “слабый” жерин табууну көздөгөн кези. Бири-бирин аңдыган заман деген ушул турбайбы?

Кыдыкбек Исаев

Күлүк атын чү деп теминип коюп, көлдүн кумун алтынга айлантып алган Кыдыкбек мырза убагында дооран сүргөн окшойт. Анткени ал төңкөрүш болгондо биринчи болбосо да бешинчи болуп качып берди. Башында мен таза эле болчумун эшектерге кошулуп дүрбөп алыптырмын деп маалымат таратууга аракеттенди. Бирок анын актанганы сокур тыйынга арзыбай калганы көрүндү. Эгерде жебегени чын болсо мойнуна курун салып коркпой келмек? Келбеген соң көчүгүндө калдыраган калбыры бар. Башкача түшүндүрүүнүн кажети жоктур. Эмнеси болсо да жети жылдык өмүрү бөтөн жерде жалп этти.

Сапарбек Балкыбеков

Чынында чатактын баары электр энергиясынан чыкты. Башы жок министр Максимдердин өкмөт башчысынын электр кымбаттайт дегенине бир ооз каршы сөзүн айталбады.  Анткени ал да “доляга” көчүгү кызарганча отурган. Анан балээге үрүп чыкмак беле? Эгер үн катса тилин тигилер кесип салышмак. Ошол күнөөлөрү үчүн эми минтип алыста сүргүндө жүрөт. Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүгү тилеги да жок. Келгенден өлө коркот. Себеби курсагы жарылганча элдин ырыскысын тытмалап жеп алган. Ток жегендердин эсебин эмдигиче жөнгө сала албай айлабыз куруп жатат. Кеткени ырас эле болуптур.

Арстанбек Ногоев

Бир гана Бишкектин экс-мэри Арстакенин анчалык зоболосу төмөн түшкөн жок. Жеке мамилеси күчтүү экен орустардын чиновниктери аны талаага таштамак түгүл Пенза облусунун бийлик тактысына отургузуп коюшту. Эмнеге өлкөдөн чыгып кеткенин көпчүлүк дурус түшүнбөй калды. Болгону илинчеги болгону үчүн качты да деген күмөн саноо пайда жаратты. Мейли колунан келген айранын чая берсин. Бизге ысык, суугу деле жок, туурабы? Антсе да кызыкчылык болбой койбойт экен да? Канткен күндө да ал качкындардын ичинде эмеспи?

Бакыт Бешимов

Бул мырза төңкөрүштө эмес андан бир жыл мурда эле чет өлкөгө тыз берген. Анткени борбордук штабдын күлүн сапырып, бирөөлөрдүн буйругун аткарып ала салды деген кеп тараган. 2009-жылкы ажону шайлоодо азыркы экс-өлкө башчынын ишенген кожосу эле. Эми саясаттын жүзү көп кырдуу. Эгерде илинчеги жок болсо бир кайрылып, көкүрөгүндөгү санаасын тизмектеп бермек. Чамасы Сокенин башкаруу мезгилинде деле артка кайта албастыр деген пикир жаралды. Муну жиликтеп отуруунун деле кажети жоктой…

Мелис Мырзакматов

О-оо анда жолборс эле, арстан эле. А бирок өлкөсүнөн качты неге? Ушунча даңазага жетип алып, Мекебиз жүрөгү жок коркок беле? Ушундай терме саптар айла жоктон термелип кетет экен чиркин! Оштун кожоюну катары таанылып калган М. Мырзакматовдун башына түшкөн каран түн эмнеден пайда болду? Эгерде ал акактай таза болсо эмне үчүн Урумчиге сапар тартты? Неге кайрадан элин көздөй жол салалбай кайсалактайт? Анткени кулкунуна алтын сөлкөбайларды куйуп жибергенин өзү тастыктай албасынан безип кетүүгө аргасыз болду. Салам-дубасын миң толгонуп жөнөтсө да ал эми тууруна коно албайт, атаганат!

Өмүрбек Бабанов

Бул кишини качкын деп айтууга ооз барбай турат. Тилекке каршы шайлоодон кийин жергесинен чыгып кеткен бойдон келер, келбеси боюнча айкын кеп жок. Ошондуктан Өмүкең качып кетти, кетирген былыктарынан чоочуп деген имиштер жайылды калк катмарына. Саясаттын сайгылама капшабына мурдунан илинген олбурлуу жигитибиздин эртеңкиси бүдөмүктөнүп турганын деле жашырууга болбойт. Качан, кантип кайра Кыргызстанга келерин кереметке чулгангандар деле айтып бералбаса керек. Антсе деле анын жакындары көзү ачыктардан үмүт этип эшигин тытмалап жүрүшсө керек. Кандай десек да пенде эмеспизби?

Булак: Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу