Кат-сабаттуулук тууралуу башкасы сүйлөсө да Алга Кылычов сүйлөбөй койсо жарашмак

«Өз башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көрөт» деген учкул сөз АШАнын «алакүштөрүнүн» бири Алга Кылычовго куп жарашып турат. Түшүнүктүү кылып айталы. Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырууда бир-эки сөздү туура эмес айтып алганы Алга Кылычовго майдай жагып калган экен, өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу шакаба чеккен постун жарыялады. «Алда бечара ай-йа», — дегендер көп Алганын өзүнө. Өзү деле бүгүнкү күндө «Дан» мамлекеттик ишканасын жетектеп отурат. Бирок, ал жумушун жасабай эле, кайсыл жерде митинг болуп атса, ошол жакта эле жүргөнүн көрөбүз. «Дан» ишканасы кичинекей эмес, чоң. Демек, аны жетектеп турган адамдын да билими терең, тажрыйбасы мол болушу керек. Тилекке каршы А. Кылычов 10 сүйлөм текст жазса, андан бери жагы 50 ката табыларын жакшы билебиз. Үтүр, чекит, илеп белги, суроо белги, кош чекит, көп чекит дегендерди өзү каалаган жерге коюп кете берет. Сүйлөмдөрүнүн башы менен аягы жок. Биринчи мугалим Дүйшөндүн окуучуларынан айырмаланбайт. Эгерде биздин айтканыбызга ишенбесеңиз, журналисттерден деле сурап көрүңүздөр, анын ар кайсыл редакциянын дарегине жөнөткөн кайрылуулары, макалалары бар. “Фейсбуктагы” бир аз көлөмдүүрөөк жазган постторун деле жакшылап окуп көрүңүздөр. Мектепти деле толук окубаган бала сыяктуу. Бирок, амбиция деген бар, кошоматты мыкты кылат, шабашканы жакшы жасайт. Андыктан башкаларга сын такпай эле тынч отурганы өзүнө жакшы болмок.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу