Айзада Касмалиева 2017жылдын 1майынан тарта «Азаттык Медиа» мекемесинин директорлук кызматына киришет. Мындай чечимди «Эркин Европа Азаттык радиосунун» жетекчилиги кабыл алды.
Медиа уюмду 2013жылдан бери башкарып келген Султан Каназаров өз ыктыяры менен кызматтан кетти.
Айзада Касмалиева 2004жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач каналдын радиосунда, андан соң «АлаТоо» маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген.
2008жылы «Азаттыктын» жамаатына кошулуп, «Азаттык+» программасында иштей баштаган. 2010жылдан тарта «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүн алып барып келет. 2016жылы «Каректе Евразия» программасынын редакторлук жана алып баруучулук кызматын да аркалоого киришкен. Мындай маалыматты «Азаттык» таратты.
Белгилүү болгондой журанлистика тармагында жүргөн Касымалиева Айзада айым дагы жакында эле КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болгон.
Ошентип, бул айымдардын жылдызы жанды десек болот. Элибизге ак кызматын кыла беришсин. Биз да Айзада кесиптешибизге түйшүгү түмөн ишинде албаналбан ийгиликтерди каалайбыз.
Булак: Чагылган