Карышкырдын канчыгы эмнеге жыныс мүчөсүн өлүм алдында тиштеп салат?

“Уккандан уга элегиң, көргөндөн көрө элегиң көп” деп айтылгандай, бул жалган жашоодо али сыры чечиле элек канча нерсе бар. Бир акылмандан сураптыр “сиз көп нерсени билесиз, биле элек эмнеңиз бар?” деп сураганда акылман айткан экен “мен билгенден дагы биле элек нерсем көп” деп. Ансыңары, жашоодо көп нерсенин сыры али чечиле элек жагы бар экенин эсиңиздерге салабыз.

Айткандай, сиздерди ойго салган дагы бир окуяны баян кылууну туура көрдүм. Тээ мындан жети-сегиз жыл илгери эл сыяктуу акча табайын деп Россияны көздөй сапар алдым. Барганыбыз курусун, он беш баланы “амантур” деген фирма “жыргатабыз” деп алдап жиберип, биз айла жок капуста отогон талаа ишинде убактылуу иштеп калдык. Ал жерде көбүнчө өзбек атуулдары иштешет экен.

Бир күнү Бахадир деген өзбек жигит айтып калды:

— Бизде жок, силердин тоолордо карышкыр көп, эгер мага ургаачы карышкырдын жыныс белгисин таза алып келип берсеңер, он миң долларга сатып алат элем –деп.

Мен бул айтылган сөзгө анча деле маани берген жокмун, бирок кызыгуум артып:

-Аны эмне кылат элең?-деп сурап калсам Бахадыр берилүү менен айтып берди:

-Ишенсең, карышкырдын канчыгына ок тийгенде же өлөр алдында болгон күчүн жыйып жыныс белгисин тиштеп салганга аракет кылат. Анткени алардын анты ушундай. Эгер, чыгаан мергенчи карышкырдын ургаачысын башка атып, жыныс белгисин тиштебегендей кылып атып, анан жакшылап кесип алып, анын дубасын билген молдого окутуп койсо, кандай максат койсо ошондой аткарылат-деп айтты.

Мен дале ишенген жокмун. Ал турсун мен анын сөзүнө каршы чыгып “ал деген ширк болот” деп айтсам, Бахадыр жактыра бербеген калыбында:

-Эгер, мага ишенбесең, мен айтканды аткарып көр. Болбосо өзбекстанга ошол нерсени алып келип сатсаң, жакшы баада сатып алгандар чыгат деп ишенимдүү айты. Бир жагынан анын айтканы да туура болот чыгар деп, ууга көп чыккан мергенчилерге суроо салсам, ысмы эстен чыгып кетти, Жумгалдан болом деп айткан мергенчи байке “Ооба, мен бир жолу карышкырдын канчыгын аткам. Чын эле жыныс белгисин тиштеп салыптыр болучу. Бирок, ага анча деле маани берген эмес элем” деп.

Айткандай, чын эле канчыктын жыныс белгиси баалубу? –деген суроо туулат десеңер. Эгер аныгын билгиңер келсе, чыгаан мергенчилерден сурап тактап билип алган туура. Балким чын эле карышкырдын канчыгы жыныс белгисин тиштеп салары анык болсо анда баалуу деп айтсак болот.

Анткен менен жөн жерден сөз чыкпайт эмеспи, бул да жашоонун бир сыры болсо керек. Эгер билсеңиздер биз менен байланышып койсоңуздар болот.

Б. Б.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу