Карыпбеков кызматтан кеткиси келбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Белизгейт» иши Илим Карыпбековдун абийирине коюлганын айтып, КТРКнын башчысы жигитче убадага турбаганын сынга алды. Өз кезегинде Илим мырза: «Мыйзамда КТРКнын башкы мүдүрү кайсы бир мамлекеттик органдын катачылыгы үчүн кызматган кетет деп жазылган эмес. Андай норма жок»- деп айтып, учурда кызматын таштап кетүү ниети жок экендигин маалым кылды. Бир сөз менен айтканда, Карыпбеков Сегизбаев кетирген катага жооп бербей турганын белгилеп: «Мага карата басым дайыма болуп келген.

КТРКга жетекчи болуп келгенимден бери эле басым кылышат. Бул боло келчү нерсе. Саясат ушундай – деп, былжырай бергиле дегенди кайытты.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу