Карыпбековдун канча “бети” бар…

Катуу айтылып кетсе, Карыпбеков өзүнөн эле көрсүн. Алакандай КТРдин жамаатынын алдында эмес, калдайган кыргыз элинин алдында “мен КТРге экинчи жолу жетекчи болуп барбайм, эптеп ушул жылдарымды ийгиликтүү аяктап, өткөрүп берсем эле жетиштүү” – деп айтканын унуткан Карыпбеков, жакында өткөрүп бере турган кызматына, кайрадан тырмышып жаткандыгы коомду санаага салууда. Барабы, барбайбы ал анын маселеси. Ишибиз деле, итибиз деле жок. Дегинкиси, айтылган сөз атылган ок экенин эске албаган “шымчан” жигит, мурда эле тайгаланып кетээрин билген кезде, коомчулукту алдабай койсо не болмок. Болуптур, коомго тарап кеткен “мен экинчи барбайм” деген кайрылуу видеосун кайда катат да, кайсыл коомдук колдоо аркылуу КТРди кайрадан жетектөө үчүн желпинип чыгат? Жигиттин сөзү бир эле болот эмеспи. Убадаларын туура сактай албаган Карыпбеков Акаевдин “сугундай” кызматка тырмышуу аракетинде болуп атканы ачык эле билинип калды. Коомчулукта КТРди “колуна алып жатат” деген маалыматтар желдей тараганы менен Карыпбеков мунун баары калп экенин айтып, кайрадан сынакка катышаар-катышпасын чече элек экенин кошумчалады. Карыпбековдун канча бети бар дегенибиздин себеби, соц. желеде тараган видео убадаларынан улам, уялып: “мен мурда айткам, экинчи жолу барбайм деп, демек мен убадама турам” – деп койбогонунан улам айтып атабыз.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу