Карыбекова визанын айынан Кытайдагы сулуулар сынагына барбай калышы мүмкүн

Дүйнөлүк сулуулар сынагы Кытайдын Санья шаарында 20-октябрдан 19-ноябрга чейин өтөт. Таажы үчүн 156 мамлекеттен келген сулуулар таймашат.

. Кыргызстандык Бегимай Карыбекова «Дүйнө сулуусу — 2017» сынагына барбай калышы мүмкүн. Буга Кытай элчилигинин виза бербей жатышы себеп болууда. Бул тууралуу бийкеч өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

«Мен «Кыргызстан сулуусу — 2017» титулунун ээсимин. Буга байланыштуу быйыл Кытайдын Санья шаарында өтө турган «Дүйнө сулуусу — 2017″ сынагына өлкө атынан көрсөтүлгөм. Биз сынакка бир жыл бою катуу даярданып, 20 миң доллар сарптадык. Бирок тилекке каршы акыркы мүнөттөрдө Кытай тарап виза берүүдөн баш тартууда. Бул көйгөйдү кайда барып, кантип чечээримди билбей турам! Алдыга койгон пландарым, үмүтүм, кыялым бир заматта урады», — деди Карыбекова.

Ал ошондой эле сулуулук сынагы бүгүн башталарын айтып, бардык документтерин көрсөткөнүнө карабастан Кытай тарап виза бербей жатканын белгиледи.

«Дүйнө сулуусу — 2017» сынагынын YouTube-каналында бир жума мурда кыргызстандык бийкечтин видео презентациясы жарыяланган.Анын сүрөттөрү сынактын расмий сайтына дагы чыгарылган.

Дүйнөлүк сулуулар сынагы Кытайдын Санья шаарында 20-октябрдан 19-ноябрга чейин өтөт. Таажы үчүн 156 мамлекеттен келген сулуулар таймашат.

Кытай тарап виза берүүдөн биринчи жолу баш тартып жаткан жок. Өткөн жылдын ноябрь айында кыргызстандык модель Карина Малая Кытайда өткөн «Дүйнө модели — 2016» сынагына виза көйгөйү үчүн катыша албай калган.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу