Картаюуга каршы витаминдер…

В12 организмге тамак-аш менен кирери маалым. Ошону менен катар ал биздин ичеги-карыныбыздагы тиричилик кылган микроорганизмдер менен синтезделет. Бул витаминге эт азыктары (мисалы эт жана балык, тоок эти менен сүт) бай.

Бул витаминди жакшы сиңирүү үчүн фолий кычкылы керек. Ал өзгөчө шпинат менен кызылча, жаңгак, буурчак, цитрус жемиштерде жана көк салатта, боордо жана брокколи капустасында көп.

В6 витаминине да көңүл бөлбөй коюуга болбойт. Ал картаюга тоскоолдук жаратат. Ошондой эле, нерв менен психикалык стресс маалында да пайдалуу. В6 кан тамырлардын склеротикалык кубулушун алдын алат. Ал деңиз азыктарынын курамында жана сояда, быштак менен капустада, жаңгакта жана бананда көп өлчөмдө кездешет.

С витаминине ит мурун, болгар калемпири менен ачуу калемпир, тимьянда бар. Ал эми Е витамини бадам жаңгагында, күн карамада, таттуу кызыл калемпирде болот.

Ошондой эле, А витаминине бай батат, ашкабак, жашыл пияз, сабиз жана помидор сыяктуу өсүмдүктөрдөн ала алабыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу