АКШнын Арканзас штатында жаш ата-эне кызын келемишке жедирди. Бул тууралуу АКШнын “Arkansas Online” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда 2017-жылы жазында 19 жаштагы Эрик Шриок менен 18 жаштагы Чарлз Элиот досторунун жер үйүндө жашап келген.14-майда жаш жубайлар 2 айлык бөбөгүн кароосуз таштап кетишкен.
Жыйынтыгында бөбөк келемиштер 100 жолудан ашуун тиштеп салган. Чоң жаракатты көзү жана бешенесинен алган. Ата-энеси бөбөктү кароосуз калтырганы үчүн 5 жыл жоопко тартылды. Тергөөнүн жүрүшүндө бөбөктүн ата-энеси баңги зат колдонгондугу ачыкка чыккан. Ошондуктан алар баласынын чаңырып ыйлаганына көңүл бурган эмес.
Кобилжон Рахимжонов, Ташкент