Каримова Оштогу музыкалык мектептин директору болуп дайындалды

Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык мектептин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алган. Бул кабарды ырчы Каримова да ырастап, бүгүн мектептин жамааты менен таанышканын айтты.

27 жаштагы Самара Каримова былтыр «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган эле.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу