Карегинде өзүнчө дүйнө катылган. Жашыл көздүү кыргыздар

Кара жана күрөң: бул эки өндөгү көздөр албетте эле азиаттарга анын ичинде кыргыздарга тиешелүү. Бирок ошону менен катар арабызда көз карашы өзүнчө бир сырдуу дүйнөнү чагылдырган өзгөчө түстүү каректердин ээси болгон кыргыздар  бир топ. Алар көпчүлүктүн ичинен дароо суурулуп чыгып, өзүнө тартат.

Sakal.kg  өзгөчө келбеттүү кыргыздарды таап көрдү.

 Чынара Чокчонова, 26 жашта. Сүрөтчү

Чынара Кара-Балтадан болот.Кичнесинен сүрөт тартканга кызыгып, адамдарды чагылдырган жакшы көрөт.

Биз Чынаранын көздөрүнө ашык болуп, улуту тууралуу кызыкканыбызда, ал бизге күлүп: «Мен кыпкыргыз элемин, ооба енисейлик кыргызсың деп тамашалап калышат. Бирок өзүмө бул өзгөчөлүгүм жакпайт деле. Себеби менин көзүмөн башка кызыктыра ала турган эмнем бар деп ойлочумун. Азыр чоңойуп, нейтралдуу мамиле кылам»,- деп жооп берди.

Чолпонай Полотбекова, 26 жашта. Дизайнер

Бул кыздын сүрөтү  Limon.kg сайтынын баракчасына чыккан

Чолпонай Ж.Баласагын атындагы улуттук университетин бүтүргөн. Азыр Москвада жашайт. Кесиби боюнча юрист болгонуна карабай, дизайнерлик менен алектенет.

«Менин атамдын көзү жашыл, апамдыкы күрөң. Таза кыргыздардын көзү гана жашыл болот  го дейм»,-деген ойлору менен бөлүшкөн ал.

Камила Кочконбаева

Эмир, 2-класстын окуучусу

Жашыл көздөрү менен Limon.kg сайтынын журналисттерин багындырган дагы бир кыргыздын уулу  — Эмир. Ал экинчи-класстын окуучусу жана Бишкек шаарынын тургуну

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу