Кардиолог Жантөрө Сатыбалдиевди ооруканага чыгарууну сунуштады

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланышуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди ооруканага чыгаруу маселеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 17-августта аталган борбордун өкүлдөрү кардиолог-дарыгердин коштоосунда Сатыбалдиевден кабар алып чыгышкан. Аны көрүп чыккан дарыгер «Сатыбалдиев жүрөк оорусуна байланыштуу дарыланууга тийиш» деген сунуштама берген.

— Сатыбалдиев жүрөк оорусунан мурда эле жабыркап келген экен. 2003-жылдан бери Кардиология борборунда каттоодо турат. 2013-жылы жүрөгүнө операция жасалган. Ден соолугун текшерип, дарылоо курсунан өтүшү керек экен. Дарыгер ушундай бүтүм чыгарып берди. Биз анын жакындарынын арызын, адвокатынын корутундусун УКМКга жибердик.

Августтун аягында Акыйкатчы институту да Сатыбалдиевдин жүрөгүн текшерүү керектигин айтып, УКМКга кат жолдогон.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен иш козгоп, тергөөнү УКМК жүргүзгөн.

ЖЭБдеги авария жана модернизациялоодогу коррупция боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, быйыл марттан бери мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тей киши камакка алынган.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу