«КАРДАРЛАР БИЛБЕШИ КЕРЕК». ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫНДА ИШТЕГЕНДЕР БИЗДЕН ЭМНЕНИ ЖАШЫРАТ?

Ар бир бизнес чөйрөсүндө өздөрүнүн кичинекей сырлары бар. Көшөгөнүн артын көрүш
үчүн бизде интернет бар. Ар кайсыл ишкана, мекемелердин мурдагы жана учурдагы
кызматкерлери кардарлар билбеген сырлары менен бөлүштү.

Жарманке, фестиваль жана парк аттракциондору

Күндүн биринчи жарымында ар кандай белектерди таратат, ал белекти күнү
менен көтөрүп жүрүп, жарнама кылып жатканын кардар өзү да билбей калат.

 

Авиакомпаниялар

Көбүнчө баардык билеттер сатылбаган үчүн учууну жокко чыгарат, бирок
кардарларга акчалай жардам бербеш үчүн «техникалык себептер» менен деп
түшүндүрүшөт. Жалгыз берген жардамы жакынкы жеткиликтүү рейске
отургузат.
Бирок, кээде тескерисинче орундардан да көп билет сатылган үчүн,
жүргүнчүлөрдү башка рейс менен жөнөткөн учурлар кездешет.
Авиакомпания кечирээк башка рейс менен кеткенге ыктыярчы издеп баштайт,
ваучер менен акчалай жардам сунуштайт. Бирок, берилчүү суммадан Эки эсе
аз сунуштайт. Мындай абалга туш келсеңиз, коркпой алар берген акчалай
жардамдан 200-400 % көп сурасаңыз болот.

 

Телеберүүлөр

Телесериалдарда кээде көбүрөөк жарнама батсын деп бүтүндөй бир
сценкаларды кесип салышат. Кээде тездетип да жиберишет. Балким
адаттагыдан тез сүйлөп, кыймылдап жатканын байкасаңыз
керек.

Автотейлөө

«Сырдуу сатып алуучу» жөнүндө уктуңуз беле? Бул кардар болуп келип тейлөө
кызматтарын текшерип, анан жыйынтыгын жазып чыккан атайын адамдар.
Эгер машинаңыздын астына «Сырдуу сатып алуучу» деп жазып алсаңыз, сизди
автотейлөө алдабайт жана жогорку сапатта тейлейт. Өзгөчө чоң автосервистер
«сырдуу сатып алуучудан» коркот.

Оорукана, бейтапкана, тез жардам

Дарыгерлер этикасы деген сиздин атыңызды так атабайт дегенди гана
түшүндүрөт. Чынына келгенде сиз жөнүндө баардык кесиптештерине,
досторуна үй бүлөөсүнө айтышат. Эгерде тез жардамда же травмпунктта
сизди күттүрүп койсо, демек сизден да оор абалдагыны кабыл алып жатышат.
Тез кабыл алсын деп алдабаңыз.

Кардарларды колдоо кызматы

Баардык сүйлөшүүлөр сизге жардам берүү максатында эмес, бир нерсе болсо
өздөрүн коргоо максатында лентага жаздырылат.
Операторлордун телефонунда микрофонду атайын үнүн өчүрүп коюуучу
баскычы бар. Сиз наалып, даттанып жатканда өчүрүп коюп, сизди урушуп же
каткырып алышат.
Кээде өчүрүп коюп тамак да жешет.
Сайт аркылуу иштегенде бир убакта бир оператор бир нече кардар менен иш
алып барат. Себеби кардарлар көбүнчө жай жазышат жана эмне жазып
жатканы жибергенче эле көрүнүп турат.

Кино

Жарнамалык роликте көргөн сценаңыз кинодо жок болуп калабы? Бул кесип
салган үчүн эмес, жарнама үчүн атайын тартылат.

Супермаркеттеги наавайканалар

Чындыгында, көбүндө ал жерде эч нерсе бышырылбайт. Башка жакта
даярдалып, тоңдурулган боюнча алынып келинет, жана супермаркетте
жылытылат. Жаңы жасалган чанда кездешет.

Иштехникасы

Принтердеги картриджди алмаштырганга шашпаңыз. Белги сыя бүткөн үчүн
эмес, бир канча барак чыгаргандан кийин берилет.

Бала бакча

Балдарыңар үйдө эмне болуп жатканын төкпөй чачпай айтып
берет.

Жумушка кабыл алуу

Көбүнчө магазиндерде атайын айтишниктери болбойт. Көйгөй жаралганда
жумушка кабыл алабыз деп жарыялайт. Кайрылгандарга сыноо деп бир-эки
жумуш беришет. Ал жасалгандан кийин, бизге туура келбейсиз же сиз менен
байланышабыз деп узатып коюшат.

Булак: anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу