Каргыш: Акыры күйөөм менен ажырашып тындым

Жашым 35ке келип, үч балага эне болуп калсам да өзүмдөгү бир башкача табышмактуу нерселерге түшүнө албай келем. Үйдө эгизим экөөбүз бир туугандардын кичүүсүбүз. 1990-жылы мектепти аяктагандан кийин окууга өтпөй калып, шаарыбыздагы ишканалардын биринде иштеп жүрүп түштүктүк бир жигитке турмушка чыгып кеттим. Өзүбүз Чүй тараптан болгондуктан, ата-эне, бир туугандарым аябай эле каршы болушту. Жолдошум менден 5 жаш улуу болчу. Азыр ойлосом жаштыгым менен эле эч нерсе көрө элегимде турмуш жолуна аттаныптырмын.

Эмнегедир биринчи балам боюма бүткөндө эле кыз төрөйм деп жүрүп, кыз төрөдүм. Баарынан таң калганым, көргөн түштөрүмдүн турмушта да дал ошондой болуп эч өзгөрүүсүз дал келип жатканы. Экинчи балам боюма бүтө электе жолдошум түшүмдө мага эки кылыч алып келип берди. Аңгыча жолдошумдун Нурбек деген теңтуш баласы келип кылычтын бирөөсүн талашып, ой-боюма койбой алып кетти. Ошондон улам эмкиси эркек болот дедим. Нурбектин келинчегине жолукканда да «эркек төрөйсүң» деп койдум. Айткандай эле экөөбүз тең бир айда уулдуу болдук.

Убакыт өткөн сайын жолдошумдун текебер мүнөзүнөн улам ыркыбыз келишпей көбүрөөк уруша турган болдук. Ушундай өзүмчүлдүгүнөн улам менин оюм менен эсептешпөй өз билгенин жасачу. Ошентип урушуп-талашсак деле балдар үчүн чыдап жашап жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде дагы бир жолу түшүмдө Алмаз аттуу теңтуш баласы каза болуп калыптыр. Эртең менен туруп эле жолдошума көргөн түшүмдү айтсам, көнгөн адатынча жөн эле ар нерсени, бежирей бересиң деп кага сүйлөп базарга соодага кеткен.

Түшкү тамакка келгенде «Айнура, Алмаз чын эле каза болуп калыптыр» деп, өң-алеттен кете айтып отурду- Ошол учурда өзүмду ушунчалык жек көрүп, бир топ күнгө чейин ыңгайсыз абалда жүрдүм. Убакыт өткөн сайын баягы уруш-талашыбыз күчөп, тынч жашоого мүмкүнчүлүк болбогон соң жолдошум менен ажырашууну ойлоно баштадым. Бир чети балдарды атасынан ажырата албай эки анжы болуп, кьшналып жүрдүм. Ортодо ызы-чуу көбөйүп, акыры жолдошум экөөбүз ажырашып тындык. Өзүнчө жашаган менен же алган билимим жок, кичине тамак-ашка тыгын болсун деп үйдүн жанындагы кичи базарда майда-чүйдө сата баштадым. Мурда кийин эжекеме жардам берип, анда-санда базарга чыгып кылган жаным соодадан көп деле кыйналган жокмун. Тегерегимдегилер менен бат эле тил табышканым менен эмнегедир ошол жердеги эт саткан эңгезердей болгон бир жигитке ичим жылыган жок. Киреше кебүрөөк түшүп, ити чөп жеп тургангабы өзүнчө эрдемсип, тегерегиндеги кишилерди көп теңине албай башкарып алыптыр.

Бир күнү ал жигит кардарына кайра кайрып бергенге майда акча таппай менден 5 сом сураганынан берип койдум. Дагы бир жолу мага да ошондой кырдаал түзүлүп калып, андан 5 сом сурасам, керекпи, келип алып ал деп үнүн бийик чыгарып ороңдоп койду. Мындай мамилени күтпөгөн жаным тегерегимдегилердин жана кардарлардын көзүнчө шагым сынганынан ыза боло жанымдагы келинден майда акча алып берип, кардарымды узаткандан кийин көп сүйлөбөй өткөндөгү беш сомду бер деп кыйкырдым. Ал болсо мени башыман аягыма чейин бир карап: «Беш сомбу? Беш сом элеби?», -деп айлананы жаңырта каткырып күлө кайырчы адамга бергенсип «ме» деп беш сомду эттин үстүнө таштап койду. Өзүм жолдошум менен жаңы эле ажырашып, чүнчүп араң жүргөнгөбу ызам мээге чыга алып келип бер деп, мен да үнүмдү өкүм чыгардым. Олбурлуу неме шашпай кыймылдап, эттин үстүндөгү беш сомду алып менин маңдайыма акырын басы келип; «Эй, сен кимсиң, мага кыйкырып сүйлөгөндөй ыя, айтчы сен кимсиң деги» деп, кемсинте демиткенде коркконуман эмне дээримди билбей кең дүйнө мага тар болуп далдырап эле туруп калдым. Мени коркутуп койгонуна корстон боло кайра шашпай ордуна барып; «Ии, мына, коркутуп койдумбу» деп кара күчкө сала каткырса болобу. Өзүмдүн кебетем бул болсо тигинин шылдыңдаганы чучукка жетип, эмне кыларымды билбей ыза болуп үйдү көздөй чуркадым.

Керебетке жатып алып бир топко өксүп ыйлаган соң ылайым беш сомго жетпей калса экен деген элем. Андан бери канча суулар акты. Кийин билсем ал жигит соодадан жолу болбой банкрот болуп, Россияга кетип ошол бойдон дайыны жок дешет.

Жолдошум менен ажырашкандан кийин аяштар, теңтуш келиндер менен катышпай деле калгам. Бир күнү түшүмдө дагы бир Жылдызбек деген теңтуш балам каза болул калыптыр. Көңүлүмө эчнерсе албай «Ии, өмүрү узун болот экен» деп койдум. Арадан бир топ эле убакыт өтүп калгандыктан мурунку түшүмдү унутуп койгом. Жолдошум экөөбүз жашап турган үйдү сот балдарыма калтыргандан кийин, ал жерде тургум келбей башка жерде жашап үйдү батирге берип койгон элем. Бир күнү батир акысын алайын деп барып, Жылдызбектин келинчегине жолугуп калдым. Анткени, алар да ошол райондо жашашчу. Ал-жайды сурашкан соң баягы түшүмдү айтып жолдошунун да абалын сурап коюп, жолума түштүм. Ошондон көп өтпөй Жылдызбек каза болуп калыптыр. Кийин уксам келинчеги «Жылдызбектин өлөрүн Айнура мурун эле айтып койгон» деп, зар какшаган экен. Ошондон кийин өзүмдү кандай гана жектеп, жеп жүрдүм. Азыркыга чейин жатарда жакшы түш көрсөм экен деп Кудайдан тилейм. Азыр экинчи жолдошум менен жашайм, андан бир балалуу болдум. Экөөбүз жаңы таанышып сүйлөшүп жүргөндө да үйдөгүлөр «бул бала үйлөнө элек бала экен, сенин эки балаң болсо» деп каршы болуп жүрүштү. Же ал үйлөнөр-үйлөнбөсүн ачык айтпайт. Ошол маалда мындай түш көрдүм. Айылдагы апам, кичүү иним келинчеги менен турушчу. Түшүмдө ошол үйүбүздө мал союлуп, боорсок бышырылыл, көп эл келип кетип эле дагы кошуна эки үйгө боорсок, эт ташып эле жүрөбүз. Эл көп, ойгонуп кетип эле түшүмдү ажырата албайм. Оюмда биз үйлөнүп, той беребиз го деп жакшылыкка жоруп, курбуларыма да сүйүнчүлөп койгом. Ошондон бир жума өтпөй ошол үйдөгү кичүү иним каза болду деген суук кабар келди. Кудай бул эмне кылганың деп көзүбүздүн жашын шорголотуп, дал ошол түшүмдөгүдөй болуп, үч үйдү айланып, эт, боорсок ташып жүрдүк. Андан бери үч жылдай убакыт өттү. Азыр мага жамандык каалаган адамдарга жамандык ойлогондон корком. Башкалардан сураштырсам, мындай нерсе эч кимде кездешпептир.

Билбейм, мүмкүн башка бирөөлөр үчүн дал келгендей сезилер, бирок, мага бул таң калычтуу эле окуя.

А.КАНАЕВА, Бишкек шаары

Булак: Сырдуу дүйнө

Аргумент.kg
Жооп калтыруу