Карганбек Самаков эркиндикке чыгышы керек

Саясаттын курмандыгына айланган Карганбек Самаков адилетсиздиктин запкысын тартып, темир тор артында кала берди. Бул иш боюнча негизи Игорь Чудинов жатса жарашмак.

Себеби, жерди трансформация кылган адам ушул болгон. Тилекке каршы, трансформация кылган премьер-министр камалбай, жердин ээси катары Карганбек Самаков аттуу патриот байкебиз азап чегип калды. Бул адилетсиздиктин жеткен чеги эмей эмне?

Нары карай айтсак, мамлекетти жеген далай кишилер чардап жүрөт. Чалкалап парламентте отурат. Аларга салыштырмалуу Самаков эл өкүлү катары депутат гана болоосо, аткаруу бийлигинде чиновник катары иштеген эмес. Кыргыз үчүн, Манас үчүн кылган эмгегичи? Эми ушундай кишинин сыз түрмөдө жатканы жакшы эмес да. Ойлонбойлубу?

Булак: Де-факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу