Карбосова: “Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөндөй концерт берем”

Мукам үнү менен жүрөк кылдарын черткен эстрада ырчысы Фарида Карбосова ушул жылдын 5-сентябрында 20 жылдык отчеттук концертин берээрин айтып, Gezit.kg сайтына маек куруп берди.

 

Кыска-нуска

Толук аты-жөнү – Карбосова Фарида Жусуповна;

Туулган күнү – 23.03.1981-жыл;

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Манас айылы;

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.

80 3 0 0 0 0 83

— Фарида эже, маегибизди соңку жаңылыктардан баштасак?..

— Рахмат! Чыгармачылыгымда  жаңылыктар көп. Өзүңүздөр билгендей, 5-сентябрь күнү борбор калаабызда жайгашкан Кожомкул атындагы спорт ордосунда 20 жылдык отчеттук концертимди бергени жатам. Билинбегени менен чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөнүмө быйыл туура 20 жыл болуптур. Өзүңүз баамдап тургандай, даярдыктар катуу жүрүүдө. Ачыгын айтсам концертке ушул жылдын февраль айынан тарта даярданып баштагам. Кудай буйруса, отчеттук концертим өзгөчө болот. Билесизби, мындай концертти эл жана анын ичинде мен дагы көрө элекмин. “Ой, азамат! Концерт деп ушуну айт!” деп күйөрмандарым ыраазычылыгын билдиргидей болсун деп, буту-бутума тийбей чуркап жүргөн чагым. Концерт кандай болоорун ачык айтып койсом, болбой калат. Ошондуктан, концертте эмне күтүлөөрү сыр бойдон калсын.

Кошумчалай кетсем, концертимдин эң биринчи коногу экинчи энем болуп калган устатым Алина Жетигенова болот. Ошондой эле, Бактияр Токторов, Асел Турдалиева, Роза Шакирова, Азиза ушул ж.б. сахналаш досторум катышат. Алар дагы өзгөчө бир номур менен чыгышат.

Буйруса, баарыңыздар жакшы эс алып кетесиздер деген ишеничтемин.

— 20 жыл аралыгында өзүңүзгө эмне алалдыңыз?

— Элибизде “Көрө-көрө көсөм болосуң” деген сөз бар эмеспи. Анынсыңарындай, барган сайын тажрыйба алып, көп нерсени баамдап, талдап калат экенсиң. Мисалга, 2006 – 2013 — жылдардагы концертимди көрүп, бул жерин мындай кылсам болмок деп калам. Ошондогу кемчиликтерди кийинкиде кайталабаганга аракет кылып, изденип жатам. Албетте, билгенден билбегенибиз көп эмеспи. “Чыгармачылыкка кирдим” деп эле жеңил-желпи ырларды ырдабаганга аракет кылам. Баардык жерге терең көз караш менен карап, катуу иштегенге бел байладым.

— Учурда продюсер менен иштешесизби?

— Жок, учурда андай багытта иштешпейм. Бирок, ушул боло турчу концертимде Асыл Аппасова мага көмөктөшүп, өзүнүн кеңештерин айтып жатат. Ошондой эле, концерттик порграммамдын режиссеру катары иштешип жатат.

— Көпчүлүк жылдыздар устаттары менен түшүнбөстүктөрдөн улам таарынышып калышат. Андай нерсе сизде болду беле?

— Кудай сактасын, андай нерсе боло элек жана болбой эле койсун. Чыгармачылыкка аралашкандан тарта Алина эжекем жана сахналаштарым менен талашып-тартышып, болбогон бир нерсе үчүн жаман көрүнүшкөн жокмун. Тескерисинче, талашканыбыз сый эле болуп келе жатат.

Буга чейин Алина эжекем чыгармачылыкта кеп-кеңешин аябай, жөлөп-таяп келди. Негизи, баардык нерсе адамдын аракетинен экен. Дегеним, чайнап берген нерсени жутканды да билиш керек. Алина эже “Мен сага бир ыр жаздырып же бир форма тиктирип берген жокмун. Аракетиңен, күчтүүлүгүңөн жана мен берген тарбияны алып кеткендигиң болду, азаматсың!” деп айтып калат. Ага абдан ыраазымын.

— Тойлорго да барып турасызбы?..

— Ооба, чакырган жерден калбай барам. Негизи эле, акчанын артынан жүгүрбөйм. Ошондуктан, тойго атайын койгон ставкам деле жок. Кээ бир учурларда бекер ырдап кеткен күндөр деле болгон. Негизгиси адамгерчилик эмеспи. Шарты туура келбей турса, арзаныраак кылып, ырдап берип коё берем. Башкысы, той ээси жана элим ыраазы болуп, колдоп турса болду.

— Буга чейин бизнес менен алектенип келгениңизди билебиз?..

— Туура айтасыз, бизнес деп жүрүп чыгармачылыктан алыстай түштүм. Алгачкы бизнесим айыл аймагында мал-жан менен эле. Кийин, малдардын баарын сатып, дүкөн ачып, иштете баштадым. Жогоруда айтып өткөндөй, ал аралыкта ыр жаздырып, клип тарттырбай калдым. Себеби, ар бир иштин өзүнчө чоң түйшүгү болот эмеспи. Ошону менен жүрүп, эч нерсеге жетише албай калдым десем болот. Күйөрмандарымды жана сахнаны абдан сагындым. Эми бизнесимди таштап, чыгармачылыкка кайрадан баш отум менен сүңгүп кирдим. Бир нече жаңы ырларды жаздырдым дегендей. Кудай буйруса, бул жаңы чыгармаларыма концертимде алгачкылардан болуп күбө боло аласыздар. Буга кошумчалай кетсем, ушул чыгармаларыма концерттен соң ар бирине клип тартуу планымда бар.

— Эми чыгармачылыктан алыстап, жеке турмушуңуз тууралуу кеп козгосок…

— Жеке турмушум өзүңүздөр көрүп, билип жүргөндөй эле. “Качан турмушка чыгасыз?” деген суроо берилгиче эле айтып койгум келет. Ооба, бул суроо буга чейин бир нече ирет берилип келген жана берилип эле келе жатат.

Жаштыктын доорун сүрүп жатам десем болот. Учурда жүрөгүмдүн ээси бар. Бирок, качан турмушка чыгаарым азырынча белгисиз. Айткандай эле, адам баласы алдыдагы беш мүнөттө эмне болуп кетээрин билбейт. Ошондуктан, так айта албайм. Балким, концертимден соң, же 1-2 жылдан кийин күйөөгө тиээрмин.

Ооба, мен деле “Убактым өтүп баратат, күйөөгө тийиш керек, балалуу болуш керек” деп ойлойм. Азыркы убакта мени ойлонткон орчундуу ой – бул турмушка чыгып, бала жытын искөө…

— Айтсаңыз, табитиңизге кандай мырзалар төп келет?

— Мага март, бир сүйлөп, айтканын эки кылбаган мырзалар жагат. Айта кетсем, майдачыл, казан-аякка кийлигишкендер жакпайт жана андай жигиттерди бат эле байкап коём.

— Сыр болбосо, алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Болгон сайын болсо экен дебестен, колумда бар нерсеге шүгүр кылам. Ооба, алдыга койгон жакшы пландарым бар. Аны убакыт өзү көрсөтөөр…

Булак:gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу