Кара-Суу районунун тургуну аялы менен уулунун колунан өлтүрүлгөн

17-июнда саат 08.00дө Кара-Суу р. Кашкар-Кыштак а. Вахим к. тургуну, 1976-ж.т. .М.Анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси үйүнүн короосунда көмүлгөн абалда табылган.

Кылмыштын “Изи сууй электе” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын жана Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургундары, 1981-ж.т. А. Х (аял киши) жана уулу 2002-ж.т. М. у.И. кармалышкан. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-беренсиндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен 2 айга баш коргоо чарасы камака алуу тандалды.

Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүнө бул окуянын келип чыгышына жубайлардын ортосундагы пикир келишпестиктер экөөнүн мушташына чейин жеткен. Себеби маркум насыяга 53 миң сомдук автоунаа сатып алган жана ошол акчаны төлөө үчүн кредит алууну чечкен, бирок аялы кредит алууга каршы болгон. Талаш тартыш менен кредит алынган. Кредит алынган соң ай сайын төлөөгө келгенде кыйынчылык болгондуктан маркум үйүн сатууну чечкен. Бирок аялы күйөсүнүн бул чечимине каршы болуп ортодо уруш пайда болгн. Уруш дээрлик 8 айга созулган. Ошентип уруштун аягы ушундай кайгылуу окуя менен аяктаган. 2018-жылдын 15-июндан 16-июнга караган түнү 1976-ж.т. .М.А менен аялы 1981-ж.т. А. Х уруша кетишет. Натыйжада уулу апасына болушуп атасын таяк менен башка чапкан аялы бычак менен ич тарабына бир нече жолу сайып жиберген.

Кылмыштын изин жашыруу максатында өлүктү үйүнүн алдындагы жер тилкеге көмүп салышкан жана маркумдун атынан «Мен капысынан Россияга жумушка кеттим. Силер менен коштошконго убактым болбоду. Үйдүн документин чоң уулума берип койгула паспорт алып алсын кредитке алган автоунааны сатып кредитти төлөшсүн» деген мазмундагы тил кат жазып эртеси күнү ал катты туугандарына алып барып көрсөтүшкөн. Бирок маркумдун бир тууган агасы каттагы жазуу башка адам тарабынан жазылганын байкап 16-июндан 17-июнга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында бир тууганын издеп үйүнө келген. Келген учурда маркумдун аялы кан болгон жууркандарын өрттөп жаткан болот. Өрттөлүп жаткан жууркандардга суу куюп өчүрүп дароо милицияга кабар берет. Милицияга кабар бергенин угуп изин жашырууга үлгүрөт. Милициянын айылдык ыйгарым өкүлдөрү заматта жетип барышып ыкчам иш чараларды жүргүзүшүп, ошол үйдүн огородунан маркумдун жерге жашырылган жансыз денесин табышат жана бул окуяга шектүү 16 жаштагы маркумдун уулун жана 37 жаштагы өмүрлүк жубайын кармашат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу