Кара-Суу районунда тамакка ууланып 2,5 жаштагы бала чарчап калды.

Тамакка ууланып, ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова кабарлады.

Анын айтымында, учурда Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 5 адам, реанимацияда 3 адам дарыланып жатат. Алардын абалы туруктуу. Ал эми беш бала Ош облустук жана шаардык ооруканаларга которулган. Алардын ичинен облустук балдар ооруканасында дарыланып жаткан эки жарым жаштагы наристе 17-февралда чарчап калды. Эске салсак, Кара-Суу районунда уулануунун белгилери менен он эки адам 13-февралда ооруканага түшкөн. Алардын ичинен бешөө балдар. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары билдиришкен. Дарыгерлер үй шартында жашылча-жемиштерди консервалоо кооптуу экенин, талапка ылайык жабылбаган идиштерде ботулизм микробу бат көбөйүп кетерин эскертишүүдө.Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ооруканада жаткандарга «тамак-аштан ууланган» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу