Кара-Суу районунда КамАЗдын чыгып кеткен дөңгөлөгү жолдун четинде турган балага тийип, ал каза болуп калганын Ош ОИИБ билдирди.
Сегиз жаштагы бала ооруканага бараткан жолдо көз жумган
Кырсык 27-июнь күнү болжол менен 16.00дөр чамасында болгон.
«КамАЗ өз жолу менен бараткан. Кокустан дөңгөлөгү ыргып кетип четте турган балага тийген. Катуу жабыркаган тестиер ооруканага бараткан жолдон көз жумду», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды.
Булак: Спутник