Кара-Суунун зам.акими мажбурлап күнгө тургузуп койгон окуучулар эсин жоготуп жыгылышты

Кара-Суу районундагы мектептин ачылышына катышмак болгон вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекованын келишин жарым саат күндүн алдында күткөн окуучулар эсин жоготуп, жыгылып калышкан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Мектептин ачылышына салтанаттык иш чара уюштуруп, күтүп алууга окуучулар тизилген. Өмүрбекова келердин алдын, Кара-Суу районунун Акиминин орун басары Мээрим Жороева окуучуларды катар тизилип, жогорку деңгээлде күтүп алуусун мектеп жетекчисине тапшырган.

Өзүн жоготкон окуучуларга ыкчам жардам көрсөтүлүп, алар өзүнө келди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу