«Кара кыздын агынан эмес багынан»: дүйнөнүн сап башында турган миллиардерлердин аялдары

Бул айымдар Forbes журналынын сап башында турган эркектердин түгөйлөрү. Капчыгында миллиард, бул алдында бүт дүйнө. Ырчы, актриса же модель десеңер, жаңылышасыңар. Бизнес-гиганттардын айымдарын сулуу деп айтууга ооз барбайт. Алар  жолдошунун жанына туруп өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон аялдар.

Присцилла Чан

Жолдошу:  Марк Цукерберг Facebookтун негиздөөчүсү

Байлыгы: $33,4 млрд.

31 жаштагы интернет-гений кыздуу болгондо 99% акчасын кайрымдуулукка тапшырган. Ал эми Присцилла идеяны колдоп чыккан. Бул түгөйлөрдүн окшош кызыкчылыктары толтура. Присцилла дагы байлык, кооз кийимдер, кымбат косметика дегенге кызыкпайт. Ал  күйөөсүнүн ар кадамын колдоого алып, жардамын көрсөтүп турат. Марк экөө университеттте окуп жүргөндө таанышкандыктан, ал «Гарвард мага билим бербесе дагы мага дүйнөдөгү эң кымбат байлык-Присцилланы таап берди»,- деп айтканы бар.

 

 

Мелинда Гейтс

Жолошу: Билл Гейтс,Microsoftтун негиздөөчүсү

Байлыгы: $79,2 млрд.

Компьютерлерге байланган Гейтсти үйлөнөт деп эч ким күткөн эмес. Бирок ал үйлөнмөк тургай 3 балалуу дагы болгон. Мелинданы көргөндө Билл Гейтс кыздын бут кийимине көңүл бурган экен. Анын айтымында кыздын шиш такасы канчалык узун болсо, анда акылы ошончолук кыска. Ал эми Мелинда жалпак такалуу бут кийимчен эле, алгач  экөө Microsoft’то чогуу иштеп, кийин үйлөнүшкөн.

Алар 1994-жылы Гавайиде үйлөнүү тойун өткөрүшкөн. Андан соң Мелинде жумуштан кетип, өзүн үй-бүлөгө жана кайрымдуулукка арнаган.

Астрид Менкс

Жолдошу: Уоррен Баффит, инвестор.

Байлыгы: $72,7 млрд.  Астрид заманбап «золушка» . Анын ата-энеси ССРБдан Америкага көчүп келишкен. Ата-энесинен эрте айрылган кыз интернатта чоңойгон. Сулуулугу менен балдардын жүрөгүнө чок салчу эмес. Ошондуктан 31 жашка чейин турмушка аттана элек эле.  Жолдошу менен кафеде официант болуп иштеп жүргөндө таанышкан. Флора Перес

Жолдошу: Амансио Ортега, Zaraнын ээси

Байлыгы: $64,5 млрд.

Флора Амансионун экинчи аялы. 13 жашынан мектепти таштап, көйнөк саткан дүкөндө иштөөгө мажбур болгон Амансио ийгилиги биринчи аялы менен байланыштуу. Бирок өз жардамчысын сүйүп калган Амансио ажрашып, Флорага үйлөнгөн.

Элен Мерсье

Жолдошу: Бернар Арно, LVMH компаниясынын ээси

Байлыгы: $37,2 млрд.

Бернар Арно —  Францииянын эң бай кишиси,  Louis Vuitton Moet Hennessy (LVMH) империясынын ээси, Louis Vuitton, Dior, Givenchy, Kenzo, Fendi мода үйлөрү ага тиешелүү.Элен дагы Бернардын экинчи аялы. Музыка менен жашаган Элен жолдошу менен концертен таанышкан жана анын бай экенин билген деле эмес. Азыр алар үч эркекти чогуу тарбиялашууда.

Маккензи Безос

Жолдошу: Джефф Безос  Amazon.com’дун негиздөөчүсү

Байлыгы: $34,8 млрд.

Джеффти дүйнөдөгү эң чоң интернет -дүкөндү негиздөөгө түрткөн Маккензи болгон. Принстон университетинин студенттери болгон жаштар жаңы таанкашканда Маккензи жазуучу болууну кыялданса, Джефф китептерди интернет аркылуу  сатса жакшы пайда түшөт экенин түшүнгөн.

Мириам Адельсон

Жолдошу: Шелдон Адельсон,  Las Vegas Sands мейманкана жана ресторан түйүндөрүнүн ээси

Байлыгы: $31,4 млрд.

 

Жер  шаарынын эң бай еврейлеринин бири кичинекей гезит дүкөнүнөн өз бизнесин баштаган. Микробиологияны изилдеген Мириам Иуресалимда окуп жүрчү, бирок жолдошу үчүн АКШга көчүп келүүгө макул болгон. Алардын эки баласы бар.

Люси Саутворт

Жолдошу: Ларри Пейдж,  Google’дун негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору

Байлыгы: $$29,7 млрд

Люси тууралуу көп маалымат жок. Бирок 35 жашында үч дипломдун ээси экени белгилүү.  Люси  — илимдер доктору, Стенфорд университетинин мугалими. Ал адам жашоосун узарта турган иедициналык технологиялар тууралуу диссертация жазган. Ошондой эле Оксфорд жана Пенсильвания университеттерин бүтүргөн.

 

Чжан Ин

Жолдошу: Ма Юнь, Alibaba.com компаниясынын ээси

Байлыгы: $22,7 млрд.

Alibaba.com кытайдагы эң чоң интернет дүкөн. Чжан менен Ма студент болуп жүргөндө үйлөнүшкөн. Гонконгго көчүп келген жаш түгөйлөр абдан кыйналышкан. Бул убакта Ма англис тилин билбегендиктен жумуш таппай кыйналат, бул убакта анын жанында колдоп, жардам берип жүргөн бир гана аялы Чжан эле.

Булак: sakal.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу