Кара куурай менен туризмди өнүктүргүсү келген 1-вице- премьер-министр

Улуттук банкты буга чейин жетектеп келген Толкунбек Абдыгулов «кара куурай айдап,
туризмди өнүктүрсөк жакшы болот» деген маанайда оюн-чындан кеп козгоп,
коомчулуктун сынына кабылган. Дал ушул жигит башкы банкты жетектеп турганда
сомдун курсу көтөрүлмөк турсун, кедеринен кеткени жалганбы? Учурда Абдыгулов 1-
вице-премьер-министр катары иштеп аткан кез. Башта ийгиликтүү ишмердигин көрсөтө
албаган кадр мындан ары кайсы муратка жетмек эле? Же бизде аял жүздүү жылмаңдаган,
сулуу жаш эркектерди кызматка көтөрүү модага айландыбы? Ишти тартуу жагынан неге
саресеп салбайбыз? Баса, кийинки жаштарыбызда чыныгы эркектин оргу-баргы мүнөзү,
сүрү калбай баратканы өкүндүрөт. Кыздай болуп сыланып-сыйпангандар эмнени
кыйратмак эле?..

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу