Каратып туруп калпты ышкырткан Бабанов Исаевди тааныбайм деди

Өткөн жылы өткөн президенттик шайлоодо «Мени шайлап койсоңор, мени эптеп бийликке жеткирип койсоңор, 15-октябрда баарыңар шайлоо участкаларына кечки саат 6дан кийин чогулсаңар» деп эле элди башаламандыкка чакырып басып жүргөн экс-президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодон жеңилгенден кийин эле чет өлкөлөрдүн бирине чыгып кеткен боюнча келелек экени белгилүү. Ал шайлоо маалында элдин добушун сатып алууга да катуу аракеттерди жасаганы ачыкка чыккан. Эгерде шайлоо күнү жеңиш ал тарапта болбой турганы белгилүү болуп кала турган болсо, анда шайлоо участкаларында элди топтоп, башаламандык салуу аракетин да пландаган.

Мунун ачык мисалы катары анын жеңиши үчүн кол кабыш кылып жүргөн Канат Исаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бирине жолугуп, 800 миң сом акчаны накталай колуна карматып, «ярый балдарды тап» деген тапшырманы берген видеоматериалды айтсак болот.

Айтор, анын эгерде шайлоодо жеңишке жетпесе, бийликти басып алуу аракетин көрө турганын жалпы коомчулук билип калган. Ошондон улам жакында тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан «бийликти басып алууга аракет көргөн» деген маанайдагы кылмыш иши козголгон. Мына ушул кылмыш иши боюнча Ө. Бабанов алыста жатып алып, өзүнүн пикирин билдирген экен.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө өзү, партиялаштары, тарапташтары бийликти басып алууга же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес деп айтат. «Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет: кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен мен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбаймын. УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем», — дейт ал.

Мына сага, актануунун классикалык үлгүсү! Демек, ал ошондо Канат Исаев менен өмүрү жолукпаган, аны тааныбаган адам болуп атабы? «Ишенген кожоң сууга акча, алды-алдыңдан тал карма» деген ушул эмеспи. Бабановдун кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз иш-аракеттерди пландап жатканда К. Исаев «Бабанов мени кийин тааныбайт коет» деген ойго такыр келбесе керек. Саясатта достук жок, кызыкчылык гана бар деген ушул тура.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу