Каратып туруп калпты ышкырткан Атамбаев эми күнөөнү президентке оодарганы атабы?

31-мартта КСДП партиясынын тар курамдагы жыйынынын арты менен эле партия төрагасы болуп шайланып алган А. Атамбаев жыйындан соң журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Биринчиден, партиянын курултайы деп аташкан жыйынга журналисттерди катыштырышпаган болсо, экинчиден жыйындан кийинки маалымат жыйынына да жалаң Атамбаевге ыңгайлуу суроолорду бере турган «дүжүр» журналисттер (албетте арасында 2-3 журналистти кошпогондо) тартылганы маалым болду.

А. Атамбаевди жарга такай турган көптөгөн суроолор берилген жок. Анын ордуна «Неберениз чоноюп атабы?» деген сыяктуу суроолорду берип, убакытты создуктурууну көздөгөндөр болду. Мисалы, кайсыл суроолор берилбей калды? Эң биринчи кезекте эле «мыйзамдагы ууру» атыккан чечен улутундагы Азиз Батукаевдин бир эле күндө түрмөдөн чыгарылып, ошол эле күнү алып кетүүгө самолеттун даярдалып, кызыл килем менен басып, учуп кеткени боюнча суроо берилген жок. А. Батукаевден башка, андан алдаканча жеңил кылмыш кылгандар да мындай чагылгындай тездик менен темир тор артынан бошоп кете алышкан эмес. Мындай чоң маселени Баш прокурор же Жаза аткаруу кызматынын төрагасы өзү эле билип чечип кое тургандай баштары экөө эмес эле. Алар сөзсүз ошол убактагы мамлекет башчысынын пикирин угушмак.

Андан сырткары Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо бир кычкач 650 доллар, бир видеокөзөмөл камерасы 14500 доллар болгону боюнча суроо берилбеди. «Мына ушул ТЭЦти модернизациялоо жыйынтыкталып, лентасы кесилип атканда «Кредит алгандан коркпош керек, айрымдар кредит албаш керек дешет» деп айттыңыз эле, бирок ошол кредит максаттуу пайдаланбай калганы минтип бир эле кышта ачыкка чыкты. Буга эмне дейсиз?» деген суроону беришкен жок. Айтор, ушуга окшогон суроолор арбын эле.

Ал эми А. Атамбаев айрым журналисттерди, ММК булактарын «чындыкты жазгыла, жалган айтпагыла» дегенин кайрадан кайталаганы менен, өзү ушул эле маалымат жыйынында бир нече жолу жалган айтты.

Биринчиси, ал «Курултай тар курамда өткөн жок, ага болгону эки гана депутат катышпай калды, бирөөсү Асылбек Жээнбеков, экинчиси Искендер Матраимов, анын да негизи бар», — деди эч бети кызарбастан. Бул карандай калп экенин, Атамбаев калпты ышкыртуунун классикалык үлгүсүн көрсөтө аларын көрсөттү. КСДПнын бул курултайга окшошпогон жыйынына Атамбаев айткан эки депутаттан тышкары Аида Касымалиева, Кожобек Рыспаев, Абдувахаб Нурбаев, Төрөбай Зулпукаров, Жанар Акаев сыяктуу жалпысынан 10 чакты депутат чакырылбай калды.

Экинчиси, ал «Мен Сооронбай Шариповичке башында эле айткам, сен президентсиң, кадр маселесине кийлигишпейм, өзүң чеч дегем» деди. Бирок, ушул сөзүнө эми ким ишенет? Эгерде ал кадр саясатына кийлигишпегенде Фарид Ниязов президенттик аппарат башчылыгына жулунуп келбейт болчу. Эгерде кадр саясатына кийлигишпегенде, анда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси Д. Чоткараевдин кызматтан алынганына жаны кашайбайт эле.

Үчүнчүсү, ал 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент С. Жээнбековдун коррупцияга байланыштуу айткан сөздөрү чындыкка коошпойт деди. Ал «Менин акыркы 3 жылдык мөөнөтүмдө коррупцияга каршы күрөш жүргөн эмес дегендей кылды. Андай эмес» деди А. Атамбаев. Ал Коопсуздук кеңешинин жыйынын жалпы коомчулук көргөн. Анда президент С. Жээнбеков А. Атамбаевдин убагында коррупцияга каршы күрөш жүргөн эмес деп айткан эмес. Ал коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын билдирген.

Төртүнчүдөн, А. Атамбаев Бишкек ТЭЦи боюнча тендерди С. Жээнбеков премьер болуп турганда өткөргөн дегендей айтты. Мунусун тастыктагансып, колуна бир документти да кармап койду. Бул дагы экс-президенттин калпты окшошсо да, окшошпосо да балп эттирип сала берерин көрсөттү. Бишкек ТЭЦи боюнча иш-аракеттер, тендерлер Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчысы болуп турганда эле башталганын билебиз. Ал эми С. Жээнбеков ТЭЦти модернизациялоо боюнча тендерлерге эч кандай катыштыгы жок. Андыктан «Досум, досум» демиш болуп, жалган айтуу менен далыга бычак урууну токтотуш керек.

Бешинчиден, ал президенттик мөөнөтүнүн аяк ченинде Раим Матраимовду Бажы кызматынын төрагалыгынан алынганын, «ошон үчүн азыркы тапта премьер-министр С. Исаков Раим-миллиондун тарапташтарынын кысымына кабылды дегендей» кылды. Ал С. Исаковду дагы деле жаш, энергиялуу, жакшы иштеп атат деп мактады. Раим Матраимов өзү А. Атамбаевдин кадры болгонун баарыбыз билебиз. Айрым маалыматтарга караганда ал И. Илмияновго айына миллиондор салынган чемодан менен кирип турчу. Андыктан аны эми учурдагы мамлекет башчысына жармаштыра салыштын кажети жок.

Айтор, А. Атамбаев жалганчылыктын апогейине чыга баштаган экен. Эмитеден эле өзүнүн партиялаштарынын көпчүлүк бөлүгүнүн ишениминен ажырады. Ошол эле убакта элдин да ишеними сууй түштү. Эгерде эртерээк эсине келип, «Менин характерим ушундай, ачык айтам» деп мактана бербей, башкаларда да андан ашкан «характер» пайда болушу мүмкүндүгүн эске алып, президенттин ишине «Соке досум» деп кийлигише бербей, тынч жүрбөсө тагдыры алгачкы эки президенттикине окшошуп калышы мүмкүн. Бишкек ТЭЦин эле тереңдеп иликтеп койсок, Атамбаевдин шайы оогону ошол болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу