КАРАМУШКИНА ОРУС ТИЛИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КЫЛУУНУ СУНУШТАДЫ

Кыргызстанда орус тилин мамлекеттик тил кылууну депутат Ирина Карамушкина сунуштады. Мынай пикирин ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, айрым өлкөлөрдө бештен мамлекеттик тил бар.

“Кыргызстанда эки тил, кыргыз жана орус тили мамлекеттик тил болсо эмне болот? Жумушка кирүүдө кыргыз тилин билбөө көпчүлүк үчүн чектөө болуп калды. Мага бир нече киши кайрылып, жушумка орношууга жардам берүүмдү өтүнүшкөн, бирок алар кыргыз тилин билбегендиктен жумушка алшынышкан жок”,-деди Карамушкина.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу