“Каралардын” экинчи мууну кармалды

Апта башында Ички иштер министрлиги Бишкекте уюшкан кылмыш топтун мүчөлөрү кармалганын жарыялады. Бир нече оор кылмышка шектелген кылмыш топту мурдагы криминалдык төбөлдөрдүн биринин уулу негиздеген. Бул окуя алты жыл мурда криминалга каршы жапырт күрөш жарыяланган Кыргызстанда уюшкан кылмыш топторунун экинчи мууну пайда болдубу деген суроо жаратты. «Караларга» каршы күрөштүн жыйынтыгы кандай болду?

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, жаңы кармалган кылмыш тобу 35 иш боюнча айыпталууда. Бул топту 25 жаштагы жаран негиздеп, анын алты-жети мүчөсү болгон. Алар акыркы үлгүдөгү курал-жарак көтөрүп, автоунаа уурдоодон тарта адам өлтүрүүгө чейинки кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.

Кылмыш топту түптөгөн жаран бир кездеги «каралардын» анабашысы болгон Рыспек Акматбаевдин чөйрөсүндө жүргөн «Чоро» деген каймана аттуу кишинин уулу болгон.

Ал атасы сыяктуу эле уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат. Учурда криминалдык топтун мүчөлөрүнө Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча иш козголуп, тергөө башталды.

Бул окуяны милиция катардагы маалымат катары таратканы менен 2011-жылдан соң криминалга жапырт күрөш жарыяланган Кыргызстанда уюшкан кылмыш топторунун экинчи мууну пайда болдубу деген талкууларга жол ачты.

Алгач криминалга каршы жарыялаган күрөш кылмыш топторунун тамырын кыркпай, көздөгөн жыйынтыкка жетишкен жокпу деген суроону жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул көрүнүштү «караларга» каршы күрөштүн солгундап, өз максатына жетпей калганынын көрсөткүчү катары сыпаттады. Эл өкүлүнүн айтымында, кылмыш топторунун төбөлдөрү эркиндикте жүрүп, ар кандай маселелерге таасир этүүгө аракет кылып келет:

— Кыргызстанда учурда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү ээн-эркин жүрөт. Алардын тамырын кыркуу аракеттери дээрлик байкалган жок. Алар ошол эле күч органдары менен коюн-колтук алышып, керек болсо айрым бизнестерди калкалап жүрөт. Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп бир нече адамдын аты аталган, бүгүн алардын баары эркиндикте. Шайлоодо убаданы калың берген партиялар алардын тамырын кырка алган жок. Алардан запкы көргөн ишкерлер бийликтен колдоо таппай калды. Мен мисалы, криминалдык төбөл деп жүргөн адамдын соттук иштерге чейин кийлигишип, айрым сотторго телефон чалып коркутканына чейин билем.

2011-жылы жарыяланган криминалга каршы күрөш учурда солгундап, эл күткөн натыйжаны берген жок деген пикирге коопсуздук маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев да кошулат. Ал мындай кырдаалга айрым саясий топтордун жеке кызыкчылыктары себеп деген пикирде:

 

— Менин баамымда, башында катуу жарыяланган күрөш соңку кезде солгундап калды. Мунун ар кандай себептери бар. Бирок саясатта лидер болом деген адамдар арасында бир өнөкөт пайда болду. Сөзсүз жанында спортчулар коштоп жүрүшү керек, уюшкан кылмыш топтору менен байланышта болушу шарт. Ошолорго таянып, шайлоо өнөктүгүндө жана башка учурларда таасирин күчөтүүгө аракет кылган көрүнүш пайда болду. Жогорку кызматта иштегендер деле бир нерсе болсо эле мынча бала чогултам, мынча спортсменим бар деп мактанат. Муну сөзсүз жоюу зарыл. Болбосо азыркыдай абал улана берет.

Ички иштер министрлиги кылмыш топторунун таасири мурдагыга караганда төмөндөгөнүн жана «караларга» каршы күрөш өз деминде жүрүп жатканына ишендирүүдө.

Аталган министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун «Азаттыкка» айтымында, бул жааттагы күрөштөн маанилүү башка чакырыктар да пайда болгон.

— Бүгүн уюшкан кылмыштуу топтор деле өзгөчө кастык же коркунуч жараткан жок. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукка, экстремизм, терроризм багытындагы кылмыштарга каршы күрөш жүрүп жатат. Уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар деп эсептелген шектүү жарандарды көзөмөлгө алып турабыз. Аларды мыйзам чегинде ыкчам каттоого алып, башка адамдарды өз катарына кошуусуна каршы турабыз. Кылмыштуу топтордун таасири мурдагыдан төмөндөдү деп айтсак болот.

Расмий маалымат боюнча, быйылкы жылдын беш айында уюшкан кылмыш топторунун 124 мүчөсү кармалып, жоопко тартылган.

ИИМдин ыкчам тизмесинде туруктуу Батукаев, Көлбаев, Бокушев жана Абакировдун кылмыш топтору катталган. Аларды түздү делген төрт адам тең учурда абакта эмес. Ал эми бул топтордун 600дөн ашуун мүчөсү күз түзүмдөрүнүн ыкчам каттоосунда турат.

Милиция Кыргызстанда криминалга күрөш башталганы 300дөн ашуун «каралар» өлкөдөн чыгып кеткенин, алардын көпчүлүгүнө эл аралык издөө жарыяланганын билдирүүдө.

Милиция иштейт, кармайт, камайт, бирок алар сотко чейин эле жабырлануучуларды коркутуп-үркүтүп, бошоп кетип жатат. Анын үстүнө абактан бошогон көпчүлүк криминалдар легалдашып, бийликке келип жатышат. Рафик Мамбеталиев

Ички иштер министрлигинин алдындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев криминалга каршы күрөштүн күтүлгөн жыйынтык бербей жатканын эки себепке байланыштырды:

— Биз жетекчи болуп иштеп жүргөндө «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча» атайын мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Ал аягына чыкпай калды. Баарыбыз кеттик, аны эч ким көтөрбөй койду. Азыр болсо күндө эле криминалды кармап, камап атат, бирок булар түгөнгөн жок. Анткени, милиция иштейт, кармайт, камайт, бирок алар сотко чейин эле жабырлануучуларды коркутуп-үркүтүп, бошоп кетип жатат. Кайра эле баягы ишине барышат. Мыйзамды кабыл алып, аны бардык жагынан чектөө зарыл болчу. Анын үстүнө абактан бошогон көпчүлүк криминалдар легалдашып, бийликке келип жатышат.

Мамбеталиев айтып жаткан мыйзамда кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн орду, макамы даана аныкталып, дегеле кылмыш дүйнөсү тууралуу толук маалымат берилген эле. Ага жараша кылмыштуу топ мүчөлөрүнө катаал жазалар каралган болчу.

Бирок бул мыйзам өтпөй калган соң уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жаңы мыйзам даярдалып жатканын учурдагы бийлик билдирип келет.

Кыргызстанда күч түзүмдөрү 2011-жылы уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялаган.

Ал учурда милиция өлкөдө криминалдык топтордун таасири күчөп, саясатка тыгыз киришип баштаганын билдирген. Буга байланыштуу мындай топторду жок кылууга убада берген.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу