Капталынан жатуу жүзгө бырыш түшүрүп, көкүрөктүн формасын жоготот

Уйку кангыча уктаган менен таң эрте чарчаңкы абалда ойгонгон учур ар бирибизде кездешет. Бул учурда биз канча саат эмес, кандай абалда жатып уктаганыбызга көңүл бурушубуз керек. Уктоого ыңгайлуу абалды тандоо менен туура жазданып жатуу идеалдуу уйкуну камсыз кылат.

Чалкасынан жатып уктоо

Пайдалуу жактары

Жер жүзүндө адамдардын басымдуу бөлүгү чалкасынан жатып укташат. Бул абал башты, моюнду жана омурткаларды бир калыпта кармоо менен сөөктөргө жана булчуңдардын тырышпай кенен эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Дагы бир жакшы жери — зарна болуудан алыс кылат. Ал тургай, косметологдор жүзгө бырыш түшүп эрте картаюну каалабаган жана көкүрөгү салбырап калуунун алдын алгысы келген айымдарга чалкасынан жатып уктоону сунушташат.

Терс жактары

Бул абалда жатуунун бир жаман жери — уктагандардын басымдуу бөлүгү коңурук тартат. Уйкуга кеткенде тил дем алуу жолун жаап калат да, дем алуу кыйындап башкача үн чыга баштайт. Изилдөөчүлөр чалкасынан жаздык жазданбай уктоо ден соолук үчүн пайдалуу болгону менен жаман түштөрдү көбүнчө чалкасынан жаткан абалда көрүшөрүн далилдешкен. Астма, талма, өнөкөт өпкө оорусу барлар, кош бойлуулар жана карып калгандарга чалкасынан көпкө жатууга болбойт.

 

Капталынан жатып уктоо

Пайдалуу жактары

Капталынан жатып уктаганда арка белге, моюнга күч келбейт жана коңурук тартуу да болбойт. Оң капталынан жатканда кан айлануу жакшырып, жүрөктүн иштешине оң таасир берет. Капталынан жатуу кош бойлуулар үчүн эң ыңгайлуу.

Терс жактары

Боор, ичеги-карынга жана өпкөгө аба жетпей дем алуу кыйындап, аталган органдарга күч келет. Таң атканча бир калыпта оң капталынан уктаган адамдын ийни жана колдору ооруйт, эртең менен ашказаны кыжылдап турат. Ошондой эле көкүрөгү чоң айымдар дайыма капталынан жатканда төшү салбырап калат.

 

Көмкөрөсүнөн жатып уктоо

Пайдалуу жактары

Бул абалда жатуунун бир гана пайдалуу жагы — коңурук тартуунун алдын алат.

Терс жактары

“Көмкөрөсүнөн жаткандар акыретте тозокко түшөт” деп эл арасында айтылып, мындай абалда жаткырбоого аракет кылышат. Бул пикирди дарыгерлер да колдойт. Көмкөрөсүнөн жатканда омурткалар таянычтын жоктугунан, ал эми моюн оң же сол капталга бурулуп бел жана моюндун оорушуна алып келет. Мындай абалда жатканда беттин бир тарабы шишип, экинчи тарабынын териси бырышып майда бырыштар эрте түшөт.

 Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу