КАПТАГАЕВ “ЖАПАРОВДУН КҮНӨӨСҮ ДАЛИЛДЕНГЕН ЖОК” ДЕДИ

Экс-депутат Садыр Жапаровдун сотунда жабырлануучу деп табылган Эмилбек Каптагаев ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүндү.

Айтымында, Жапаровдун күнөөсү далилденген жок.

“Садыр Жапаров күнөөлүү дегенге соттун далилдери жетишсиз. Демек, сот аны акташы керек. Бул соттун принциби. Болбосо ишти кайра тергөөгө жиберүү зарыл”,-деди Каптагаев.

Буга чейин ал Жапаровго каршы арыз жазбаганын жана аны айыптабастыгын билдирген.

Эске салсак,  Садыр Жапаров  25-мартта “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” жана “адамды өлтүрөм деп коркутуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен.

УКМК Каптагаевди кармап турушкан унаа Садыр Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге тиешелүү экенин жана күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, митингди Садыр Жапаров уюштурганын жана каржылаганын билдирген.

Жапаров акыркы 3 жылда Кипрде жашап жаткан. Ал 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга келип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу