Каптагаевдин чакырыгына кандай жооп болот?…

Башкы «атамекенчи» Омүрбек Текебаевге карата мурунку бийликтин жасалма документтер менен жалаа жаап, каралоо ишинин ойрону чыкты. УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден эч кандай документтер келбегенин мойнуна алды. Мунусу Текебаевди «Белиз аферасында» толук актады.

Ал эми «Маевский гейт» кезектеги каралоо экени жүз пайыздык алиби болду. Буга чейинки соттордо айтылган далилдүү фактыларды Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев дагы бир жолу тастыктады. Ал белгилүү журналист Бермет Букашеванын «Бийлик сырлары» автордук долбоорунда маек берип жатып, Текебаевди айыптаган негизги жагдай – 2010-жылдын 13-майы тууралуу болгон чындыкты айтып, аны азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да билерин, ошого карабай Текебаевди эркиндикке чыгарбай жатканына таңкалып жатканын билдирди.

Каптагаевдин айтымында, 2010-жылы 13-майда Текебаев кызматтагы адам болчу. Демек, аны коррупцияга айыптоого болот. Бирок, ал күн, ал дата жакынкы тарыхыбыздагы маанилүү күн. Дал ушул 2010-жыл, 13-май күнү Ош менен Жалал-Абадда облус губернаторлору Сооронбай Жээнбековду Ошто, Бектур Асановду Жалал-Абадда кабинеттеринен кууп чыгышкан. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол күнү саат 2де чогулган.

«Кудум Смольныйдагыдай иш кайнап турган. Текебаев мына ушул отурумда болгон. Чотонов да отурган, ал эле эмес Чотонов кечки саат 5:30да Исмаил Исаков баштаган атайын кызматтын, ИИМдин бир топ генерал, полковниктерине кошулуп тик учак менен Ошко кетишкен. Маевский болсо «саат экиде Текебаевдин кабинетине келгенбиз, ал жерде бешке чейин отурганбыз, андан «Супарага» барып түн киргенче ошол жерде отурганбыз, арак ичкенбиз» деп жатат. Чотонов алар менен түнгө чейин отуруп кантип арак ичет, ошол күнү ал вертолет менен Ошко учуп кетсе?» деди Эмилбек Каптагаев өзүнүн маегинде.

Андан ары Каптагаев Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра караш үчүн жаңы жагдайларды табышка олуттуу укуктук иликтөөлөрдүн деле кереги жоктугун, жаңы жагдайга президент Сооронбай Жээнбековдун көрсөтмөсү же маеги эле жетиштүү болорун белгилеген.

«Жээнбеков 13-майда эмне болгонун жакшы билет. Ал Оштун губернатору болчу. Ошол күнү аны кабинетинен кууп чыгышкан. Чотонов, Исаков ж.б. Оштогу абалды жайгарганы барышкан адамдардын аракети менен кайра өз ордуна отурган. Имаратты басып алгандар сыртка чыгышып, кабинетти бошотуп беришкен» дейт Каптагаев.

Демек, Текебаев менен Чотоновдун ишинде Жээнбековду негизги күбө катары айтсак да болот. Биринчиден, ал Чотоновдун Ошто болгонун бөркүндөй билет. Экинчиден, Маевский менен Модин «Текебаевдики» деп көргөзгөн №306-кабинет Атамбаевдики экенин да билет. Анткени, ал убакта бир тууган Жээнбековдор Атамбаевге тез-тез кирип турушкан. Анан калса, Жээнбеков өзү премьер-министр болгондо, ал кабинетте (өкмөт үйүндө мындай кабинеттен экөө гана болгон) анын биринчи орун басары Мухамметкалый Абылгазиев отурган. Мындан улам, коомчулукта «Жээнбеков намаз окуса, Кудай десе, билмексен болбой, билгенин айтып эле койсо, ошол жетишмек» дегендер чыгууда. Эсибизде болсо, Жээнбеков 8-февралдагы коопсуздук кеңешинин жыйынында «туура эмес чечилген сот иштерин кайра каратам», «адилеттүүлүктү орнотом» деп эл алдында сөз берген. Текебаевге мыйзамсыз сот чечими чыкканын билип, көрүп туруп, кайсы адилеттүүлүктү орнотот ажобуз?

Акыркы кезде интернет колдонуучулар Текебаевдин алиге чейин эркиндикке чыгарылбай жатышы боюнча арбын пикирлерди жаза башташты. Иса аттуу интернет колдонуучу: «Жээнбеков Текебаевдин бошошуна, саясый талаага кайтып келишине кызыкдар эмес. Бирок, Текебаевсиз бийликте тең салмактуулукту кармап туруш кыйын. «Жээнбековдун тегереги өлкөнү алдыга жылдырат» деген албетте абсурд. Атамбаевдин айланасы азыр деле активдүү экендигин жакшы билет. Жээнбековдун акылы болсо, ага Текебаев керек» деп жазган.

Дагы башка Кубан аттуу колдонуучу: «Жээнбеков 13-май күнү Текебаев менен Чотонов Маевский менен жолукпаганын билет экен. «Акыйкаттык орнотом» деген убадасында турбаса да, эч болбосо адам катары сотко келип акыйкатты айтып койгонго жарабаптыр. Сотко келе албаса да, ММКларга маек берип же билдирүү аркылуу «туура, 13-май күнү Ошто ушундай окуя болгон, Чотонов Исаков менен бирге мени губернаторлук кызматка кайра отургузган» деп болгонду болгондой айтып койсо болмок. Ошондо мурдагы бийлик уюштурган «Маевский-гейт» да биротоло крахх болот» деп пикирин калтырган.

Мындай пикирлер көп. Ал эми Каптагаев жогорудагы билдирүүсү менен президент Сооронбай Жээнбековго чакырык таштады. «Жээнбеков буга кандай реакция кылат?» деп коомчулук жооп күтүп турат.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу