Кан басымдан сактануу жолдору…

Жаз башталган убакта көптөгөн адамдарды кан басым тынчын ала баштайт. Бейтаптар дарыгерлердин жардамына кайрылууга мажбур болушат.

Кан басымы жогору адамдар үчүн төмөндөгүдөй сактануу чаралары бар:

1) Тузду азайтуу. Күнүнө 1-2 грам натрий колдонуу. Азыр бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо уюму ар бир адам күнүнүө 5 грамдан ашык туз колдонбоосун эскертет.

2) Калийди толуктоо. Калийге бай жемиштер менен өсүмдүктөр көп жеңиз. Мисалы, козу карын, картошка, фасоль, банан өрүк жана юашка.

3) Кальцийди толуктоо. Эл аралык талап боюнча күнүмдүк кальцийдин өлчөмү 800 мг болуш керек деп айтылат. Кальцийди толуктоонун эң жакшы ыкмасы – сүт азыктарын көп жеңиз.

4) Сапаттуу белок өлчөмүн жогорулатуу. малдын белогу сапаттуу белок болуп саналат. Биздин күнүмдүк жеп жаткан тамак-аштагы белок жетиштүү болгону менен сапаты начар. Башкысы керектүү амин кычкылдарынын өлчөмү төмөн болуп, кан басымды көбүнчө жогорулатып жиберет. Ошондуктан малдын этин көп жеш керек. Бирок майды азайтуу кажет.

5) Толуп кетүүдөн сактануу.

6) Арак ичпей, тамекиден баш тартуу.

7) Бала кезден тартып туура тамактануу, жакшы мүнөз калыпташтырып, дене тарбия кыймылдары менен алектенүү.

Балдардын кан басымын алдын алуу үчүн:

1) Балдардын кыймыл жана дем алыш убактысын тартипке салып, эрте жатып, эрте турганын жакшы адатка айлантуу.

2) Тамактануусуна көңүл бөлүү, майлуу, кант, туздуу тамактарды азайтуу, өзгөчө толук балдардын тамак ичүүсүнө көңүл бөлүү. Дене салмагын жеңилдетүү, жер-жемиштерди көп жедириңиз.

4) Ооруга чалдыккан балдар көп ойноосу кажет. Ошондо алардын кан тамырынан кан жүгүрүп, кубаттанып, руханий жактан ооруну унутуп, жеңилдейт. ошол аркылуу кан басымды төмөндөтүүгө болот.

5) Кан басымдын тукум кубалай турганын билип, балага өз алдыңызча дары берип дарылоого болбойт. Сөзсүз дарыгерге кайрылып кеңеш алуу кажет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу