Каныкей Эралиева, Кыргыз Эл артисти: «Кыздарга мактанып апамды уят кылгам…»

-Сиз бир топ жылдан бери М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада бөлүмүн жетектеп ке-лесиз. Азыр бизде таланттуу таланттар барбы?   — Быйыл М. Күреңкеевдин 80 жылдыгы. 80 жылдыкка карата кызуу даярдык көрүп, 4-5-апрелде «Жаз кайрыктары» деген кароо- сынак өткөрдүк. Сынакка бизде окуп жаткан студенттер катышып өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Сынактын башкы максаты — эски обончулардын ырларына басым жасоо болду. Биз ушундай жол менен буга чейин мыкты обондорду, ырларды жараткан биздин эл сүйгөн улуу таланттардын эмгектерин жаштардын эсине салып жатабыз. Бул жолу болсо, Мукан Рыскулбеков, Калыйбек Тагаев, Марат Акматов, Сардарбек Жумалиевдин чыгармаларына сынак жарыяладык. Алдьңкы орундарды алган студенттерге кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Калыстар тобунун жетекчиси болуп Сардарбек Жумалиев өзү келди. Ошол сынакта бизде мыкты таланттар көп экенине күбө болдук. Биздин жаштар азыр эски ырларга, элдик обондорго кайрылып, аларды мыкты аткарып калышты. «Эл ичи — өнөр кенчи» дегендей, бизде дүйнө элин таңданта турган таланттар тарбия алууда деп айта алам.   — Бул кароо-сынак жылда уюштурулабы?   — Быйыл экинчи жылы өтүп жатат. Кийинчерээк «Жаз кайрыктарын» республикалык деңгээлде уюштурсакпы деген максаттар бар. Өткөн жылы Аксуубай Атабаевдин, Жумамүдүн Шералиевдин, Рыспай Абдыкадыровдун ырларына сынак жарыялаганбыз. Мындан сырткары ар бир бөлүм өз алдынча сынактарды уюштуруп жатышат. Ийгиликтер жаман эмес.   — Ар кандай багытта өтүп жаткан кароо-сынактар студенттер арасында атаандаштык жаратпайбы?   — Менимче кароо-сынактар аларга чоң стимул берип жатат. Анткени,бардык эле чыгармачыл адамдар кандай гана сынак болбосун жеңишке жеткенди, дыцкы болгонду каалашат. Биз чыгармачыл адамдар көп сыйлык, диплом, мактоо баракчаларын алгыбыз келет. Канчалык эрте, канчалык көп дипломдорду алсак ошончолук изденип иштеп ийгилик жаратабыз. Студенттер да ошондой. Окуу жайдагы кароо-сынактар ошол жерде окуп жаткан ар бир студент үчүн баалуу. Ал жердеги жеңиш да аларга кымбат. Ошондуктан сынактарда баары мыкты болгонго аракет кылып келишет. Ал үчүн канча убакыт даярдык көрүшөт. Мына ушунун өзү эле стимул деп билем. Аатаандаштык жөнүндө айтсам, Аатаандаштык да чыгармачылыкта өсүүгө өбөлгө болот.   — Улутту сактаган да, барктаган да, даңктаган да маданиятпы?   — Албетте, маданияты болбой эл болбойт дегендей, кыргызды кыргыз кылып турган маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз, каада-салтыбыз эмеспи. Ошондуктан улуттук өнөрдү, өнөр адамдарын баалап, өзгөчө көңүл буруп барктап, даңктап турушубуз абзел. Элдин жан дүйнөсү бай, маданияты бийик, көөдөнү ток, көрөңгөсү мол болсо биз улут катары сакталып, мамлекетибиз өсүп, экономикабыз көтөрүлөт деп ойлойм. Себеби руханий жактан бай адамда ач көздүк менен сараңдык жашабайт. Ток адам бирөөнүн табагына кол салбайт эмеспи.   — Азыр маданиятка кандай көңүл бурулуп жатат?   — Эми үмүт чоң. Жаш, мыкты жетекчилер Маданият министрлигине келишти. Жаштар жакшы иштерди жасайт деп жаштардын күчүнө ишеним артып жатабыз.   — Валентина Шевченкого кийгизилген Бакай калпак менен чепкен бүгүнкү күндүн эң актуалдуу талкууларынын бири болуп жатат. Өнөр адамы катары сиз буга кандай баа бердиңиз?   — Мен абдан таң калдым. Муну кыргыздын салтын билбеген алакөөдөн бирөө кийгизе салды же атайын эле билип туруп жасады деп ойлойм. Кыз кишиге Бакай калпакты кийгизген туура эмес. Калпак — улуттук баш кийим. Анын өз орду бар. Биз баш кийимди баарынан бийик коюп, урмат менен мамиле кылып келген нарктуу эл элек… Валентинанын баатырдыгы, эл намысын коргоп, атыбызды дүңгүрөтүп жатканы мактоого арзыйт. Бирок биз ушул көрүнүш менен наркыбызды, салтыбызды тебелеп салганыбызды далилдеп койдук.   — Сиз бүтүндөй өмүрүңүздү чыгармачылыкка арнап келе жатасыз, чыгармачылыкта атты, кадыр-баркты, даңкты сактоо оор болсо керек…   — Абдан оор. Өзгөчө таза сактоо кыйын. Атьңды булгап, кадырыңды төгүп алуу көз ачып жумганча эле… Бир булганган ат эч качан тазарбайт. Ошол үчүн чыгармачылыкта түз жүрүп, таза иштеш керек. Талант болсо, эмгек жерге таштабайт.   — Иштеген, атактуу адамдын артынан сөз ээрчийт дешет, азыр. артынан ушак ээрчиген жалаң ырчылар, ошондо сиздер атакка жеткен эмессиздерби?   — Бул сөз күлкүнү келтирет экен. Азыр ырчьлар атайын ушак таратып, элге өзүн жарнама кылып жатышпайбы. Акча төлөп текст жаздырышат экен. Кыскасы, “атың чыкпаса жер өрттө” болушат да. Бизде андай жок. Мени бүт Кыргызстан таанысын дебейм. Биздин өнөр бааланса ошол мага жетет. Биз жөнөкөйлүгүбүз менен сулуубуз.   — Сиз жөнөкөйсүз, атак-даңктан башыңыз айланбай, жөнөкөйлүгүңүздү кантип сактап калдыңыз?   — Мен чыгармачылыкка эрте аралаштым. Мектепте окуп жүргөндө эле баянда ойноп ырдачумун да. Бир жолу кыздарга мен мындай ыр үйрөндүм деп айтып жатсам апам угуп калыптыр. Элден алыстагандан кийин «Кызым ыр үйрөнгөнүңдү, баянда ойной алганыңды кыздарьңа айтып мактанбай жүр. Уят болот. Мен уялдым» — деп калды. Ошондон кийин эч кимге андай деп айтпас болдум. Көрсө , ошондо эле апам менин текебер, менменсинүү мунөзүмдү сындырып, мактанчаактык менен мен деген ооруларымды дарылап койгон окшойт.   Жаркынай КАДЫРКУЛОВА БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу