Каныбек Осмоналиев толугу менен акталды

Экс-депутат, профессор, мурунку Билим берүү министри Каныбек Осмоналиев Бишкек шаардык соту тарабынан бүгүн толугу менен акталды.

Ал Атамбаевдин доорунда билим берүү системасындагы катачылыктарды айтып, коомчулуктун көңүлүн бурган олуттуу маселелерди көтөргөнү үчүн жана окуу китептерин басууга бөлүнгөн 5-10-30 миллион долларлык каражаттар кайда коротулганын парламент трибунасынан сураганы үчүн жок жерден кылмыш иши токулуп, коррупционер кылып көрсөтүү аркети күч алган. Ал турсун беш жыл мурун козголгон кылмыш иши эки жарым жыл мурун токтотулуп, 7 ай мурун кайра жанданып, баштагыдай 15 кишиге эмес, жалгыз Каныбек Осмоналиевди бөлүп алып, соттоого аракет жасалган жагдай орун алган.

Биринчиден, Кудайдын көзү түз экен. Экинчиден, сот системасында адилеттүүлүк орун ала баштаганбы Биринчи май райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырды. Чынын айтыш керек эгемендүүлүк алгандан бери эч ким мындай оор беренелер менен ак барактай актала элек болчу.

Каныбек Осмоналивдин толук акталганы сот системасындагы адилеттүүлүк орун ала баштаганын айгинеледи.

Соттон адилеттик издегендер адилеттүү чечим күтө берсеңер болот.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу