Алмаз Атамбаев менен Нариман Түлеевдин селфиси талкууга алынып, түрдүү кептердин чыгышына жем таштаганын эске алып, NazarNews.kg агенттиги айрым жарандарыбызга кайрылып, саясый селфи Кыргызстандын саясатында акылга сыйбаган көрүнүшпү деген суроо узатты…
-Таза саясатты принципке катуу турган гана инсандар аткара алышат. Алардын эмнени көздөп алектенгенин эл даана көрүп-билип турушу абзел. Ошондо гана ага ишеним артат. Ал сөзүндө турган саясатчы дейт дагы анын артынан ээрчип, колуна-кол, бутуна- бут болот. Кечээ эле оозго алгыс сөздөр менен акыйлашып жүрүп, күмөндүү перспектива үчүн бири-бирине көрүнө эле жагалданыштары алардын элдин алдында олуттуу мамалекеттик деңгээлдеги же тарыхый ишмерлер боло албай калгандарын көрсөтүп турат! Өсүп келе турган жаш саясатчыларга бул көрүнүш уят эле иш болду.
Булак: NazarNews.kg