Каныбек Осмоналиев акталды

Мурдагы билим берүү министри, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев акталды. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда чыкты.

Сот бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок деп тапты жана анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын жокко чыгарды.

Прокуратура Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан.

Быйыл мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.

Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан жана кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирген.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу