Каныбек Осмоналиевге карата сот чечими чыгышы мүмкүн

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин ишин кароону улантат. Тараптарга акыркы сөз берилип, чечим чыгаары күтүлүп жатат.

Адвокат Жыргалбек Бабаев «Азаттыкка» билдиргендей, 12-октябрда өткөн жараянда прокуратура Каныбек Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон сураган.

Актоочу тарап Осмоналиевге коюлган айыптар негизсиз экенин жана алар сотто далилденбегенин билдирип жатат. Осмоналиевге карата Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2014-жылы 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан. Быйыл мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.

Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан жана кылмыш иши саясий негизде козголгонун кайталап келет.

Каныбек Осмоналиев 2007-2012-жылдары билим берүү жана илим министри, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештеги «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты болгон.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу