Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иши жанданды.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы профессор Каныбек Осмоналиевди 16-мартта суракка чакырды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирди.

Көрсө, мындан 3 жыл мурун Каныбек Осмоналиевге 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен иш козголуп, бирок Башкы прокуратура кыскартып салган кылмыш иши жанданыптыр.

Сыягы, президент Сооронбай Жээнбековдун кыскарган жана токтотулган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу тапшырмасынан кийин унтта калып бараткан иштер кайрадан жандана баштады көрүнөт.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиевге 2014-жылы Жогорку Кеңеш депутаты болуп турганда Кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз өткөрүү боюнча козголгон. Каныбек Осмоналиев ал учурда парламенттин билим, илим, спорт жана маданият боюнча комитетин жетектеп турган.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу